БУУ:Мьянмада калган рохинжа-мусулмандары «геноцид» болуу коркунучу алдында турат

БУУнун инспектору Мьянмада жашап жаткан 600 миңден ашуун рохинжа-мусулмандары «геноцид»  болуу коркунучу алдында турат деп эскертти.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Инспектордун айтымында, Мьянма армиясынын зордук-зомбулугунан улам аргасыз жер которуп кеткен миллиондогон рохинжа-мусулмандарын өз үйлөрүнө кайтаруу “мүмкүн эмес”.

“France 24” каналы маалымдагандай, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Мьянма армиясынын 2017-жылдагы рохинжа-мусулмандарына каршы жасаган кылмыштарын иликтөө үчүн атайын комитет түзгөн. Ал комитет Мьянма армиясынын кылмыштарын “геноцид” деп атап, Мьянманын башкы генералдарын мыйзам чегинде жазалоого чакырган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, 2017-жылдын 25-августунда Мьянма армиясынын зордук-зомбулугунан улам 750 миңден ашуун рохинжа мусулмандары Бангладешке качууга аргасыз болушкан. Мьянмадагы кырдаалды иликтеген БУУнун комитети өзүнүн жаңы баяндамасында, азыркы учурда Мьянманын Ракхайн провинциясында 600 миңдей рохинжа мусулмандары бар экенин жана алар оор абалда жашап жатканын билдирди.

“Мьянма дагы деле геноцид максатын көздөөнү улантууда жана рохинжа-мусулмандары геноцид  болуу коркунучу алдында турат ”,- деп айтылат БУУнун комитетинин баяндамасында. Улуттар уюмунун инспекторлору Мьянма өз каталарын төгүндөп, далилдерди жок кылып жатканын айтып, алар натыйжалуу иликтөө жүргүзүүгө даяр эмес экенин билдирди.

Онтарио Эл аралык өнүктүү боюнча агенттигинин (OIDA) маалыматына караганда, 2017-жылдын 25-августунан бери Мьянманын өкмөттүк күчтөрү тарабынан 24 миңге жакын рохинжа мусулмандары каза тапты, 34 миңден ашуун киши өрттөлгөн жана 114 миңдей адам ур-токмокко алынган. Мындан тышкары, 18 миңдей рохинжа аялдары жана кыздары Мьянма армиясы жана полициясы тарабынан зордукталып, 115 минден ашуун үй өрттөнгөн.

Мьянма армиясы 2017-жылдагы операция аймактагы “экстемисттик элементтерди” тазалоо операциясы болгонун билдирген. Мьянма армиясы 2012-жылы дагы Ракхайн штатындагы 200дөй рохинжа мусулмандарын өлтүрүп, 140 миңдей кишини жер которткон.

Комментарий жиберүү