Дүйнөлүк рынокто мунай баасы 3 эсе көтөрүлүшү мүмкүн

Йемендиктердин Арабстан мунай өндүрүшүнө жасаган соккусунан улам мунай баасы 3 эсе жогорулашы мүмкүн.

Бул тууралуу Fars агенттиги RT маалыматына шилтеме берип билдирди.
Белгилей кетсек, өткөн күндөрү Йемендин коргонуучу күчтөрү Арабстандын аль-Бакыйк аймагындагы мунай өндүрүүчү жайларына чабуул коюшкан.

Йемендиктер 10дой учкучсуз учак менен дүйнөдөгү эң ири жана Арабстан мунайынын жүрөгү болгон мунай өндүрүшүнө сокку жасашкан.

Берилген маалыматтарга караштуу, бул чабуулдун кесепетинен Арабстандын 10 млн. беррель мунайынын жарымы зыян тарткан.
Аль-Бакыйк мунай базасы  соккудан кийин бир канча убакыт жабылган соң, кайрадан мунай өндүрүшүн баштаганы менен мунай баасы кыйла жогорулашы күтүлөт.

Айрым адистер мунай баасынын бир баррели 100долларга көтөрүлүшүн божомолдошууда. Ал эми мунай баасынын көтөрүлүшү дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизээри анык.

 Эске салсак, Арабстандын Мунай министри йемендиктердин учкучсуз учактарынын чабуулу  мунай өндүрүшүн 5,7 млн. беррелге азайтканын билдирди.

Комментарий жиберүү