Израилдин баскынчы күчтөрүнүн ок атууларынан 46 палестиналык жарадар болду

Кудста сионист режиминин күчтөрү менен Палестина жарандарынын ортосундагы кагылышууларда ондогон палестиналыктар жарадар болушту.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.
Палестинанын маалымат каражаттары Израиль күчтөрүнүн басылып алынган Кудстун чыгыш тарабындагы Аль-Азария шаарына жасаган кол салуусунан 46 палестиналык жарадар болгонун маалымдашты.

Палестинаны “Кызыл жарым ай” коому берген маалыматка караганда, Палестинанын жарандары Израиль аскерлери тарабынан атылган октордон жарадар болушкан жана жаш агызуучу газга тумчугушкан.

Белгилей кетсек, сионист режиминин күчтөрү ишемби күнү түштөн кийин Аль-Азария шаарын курчоого алышкан жана  өткөрүү пункттарын түзүп, текшерүүгө алышып, палестиналыктардын кирип-чыгуусуна тоскоолдук кылышкан.

Комментарий жиберүү