Нетаньяхунун Батыш жээктерин кеңейтүү чечимине Европанын беш өлкөлөрү тынчсызданууда

Европа өлкөлөрү Израиль премьер-министринин Батыш жээктерди басып алган жерлерине кошуу чечимине жооп кайтарышты.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Франция, Германия, Италия, Испания жана Англия биргелешкен билдирүүлөрүндө Нетаньяхунун Иордания Батыш жээктерин кошуу боюнча чечимин айыпташты.

“Нетаньяхунун Батыш жээктерди кошуп алууга болгон чечимине тынчсызданабыз, бул кадам эл аралык мыйзамдарды бузуучу коркунучтуу кадам”,-деп билдиришкен европалык жетекчилер.

Белгилей кетсек, бул баянда тараптарды эки өлкөнүн тирешүүлөрүн күчөтүүчү ар кандай чечимдерден алыс болууларына чакырык жасалган.

Эске салсак, сионисттердин премьер-министри 11-сентябрда билдирүү жасап, парламенттик шайлоодо жеңишке жете турган болсо, Палестинанын кармагындагы Иордания өрөөнү менен “Өлүк дарыянын”түндүк тарабын басып алган жерлерге  кошооруна сөз берген.

Комментарий жиберүү