Нигерияда аза күткөндөрдүн 12си курман болду

Ашуура күнү аза күтүү жөрөлгөлөрүнө катышышкан нигериялыктардын 12си өкмөттүк күчтөрдүн колунан курман болушту.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Нигерия өкмөтүнүн күчтөрү 10-сентябрда Кадона шаарында өтүп жаткан шииттердин аза күтүү жөрөлгөлөрүнө кол салышкан.

Берилген маалыматтарга караштуу, өкмөттүк күчтөр аза күтүүгө чогулган мусулмандарга жаш агызуучу газ чыгарышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, өкмөттүк күчтөр аза күтүүгө баруучулардын жолун да торошуп, тоскоолдук жаратышкан.

Эске салсак, мындан 4 жыл мурда “Ашуура” күнүндө аза күтүү жөрөлгөсүн өткөрүп жатышкан шияларга кол салышып, бир канчаларын курман кылуу менен алардын жетекчиси шейх Закзакини камакка алып кетишкен.

Комментарий жиберүү