Путин: Өзөктүк келишим али күчүндө жана жокко чыгарууга болбойт

Орусиянын президенти ирандык жана түркиялык кесиптештери менен жолугушкандан кийин, “Өзөктүк келишим али күчүндө жана бул келишим алмаштырылгыс”, – деп билдирди.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин Хасан Рухани жана Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушкандан кийин өзөктүк келишим боюнча билдирүү жасады.

“Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү иш-чаралардын планы Америка андан чыгып кеткенине карабастан али күчүндө жана анын орду алмаштырылгыс”, – деди.

Ошондой эле Орусия президенти Анкарада өткөн үч тараптуу жыйын алкагында Иран президенти менен болгон жолугушуусу өзөктүк келишимди сактап калууга багытталганын билдирди.

“Биздин оюбузча өзөктүк келишим али күчүндө жана башка өнөктөштөр дагы ушундай эле ойдо. Орусия өзөктүк келишимди толук ишке ашыруу үчүн болгон аракетин жасап жатат”, – деди Владимир Путин.

Белгилей кесек, Вашингтон аталган келишимден чыккандан кийин Иранга каршы максималдуу кысым көрсөтүү саясатын ишке ашырып келе жатат. Иран Ислам Республикасы “стратегиялык чыдамдуулук” жылын күн тартибине коюп, Американын ордун толтурууну убада кылган Европа тарапка милдеттемелерин аткаруулары үчүн убакыт берди.

Бир жыл өтүп, Европа тараптан берилген убадалар аткарылбагандан кийин, Ирандын Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңеши өзөктүк келишим боюнча тарапташтарына мунай жана банк тармагында өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн 60 күн мөөнөт берип, болбосо аталган келишим боюнча милдеттемелерин кыскартарын билдирип эскертүү жасаган эле.

Комментарий жиберүү