Рухани менен Эрдоган жолугушту

Орусия, Иран жана Түркия лидерлеринин үч тараптуу отурумуна катышуу үчүн Анкарага барган Ирандын президенти  Хасан Рухани Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Эрдоган ирандык кесиптешин Чанкая сарайынан расмий  түрдө тосуп алды. Эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу жабык эшик артында өттү жана кабарчыларга сүрөткө гана тартууга уруксат берилди.

Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык комиссия жакынкы күндөрү өтөт деп күтүлүүдө. Хасан Руханини Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф, энергетика министри Реза Ардаканян, коргоо министри Амир Хатами, айыл-чарба министри Махмуд Хожати жана Борбордук Банктын башчысы Абдолназер Хеммати коштоп барды.

Иран, Орусия жана Түркиянын мамлекет башчыларынүн үч тараптуу жолугушуусунда Сириядагы кырдаалдан тышкары,  үч тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Иран президенти Анкарага болгон сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен дагы жолугушат.

Комментарий жиберүү