Ош шаарында түрк кино күндөрү башталды

Ош шаарында түрк кино күндөрү башталды

Түрк кино күндөрү “Семетей” кино театрында “Бөрү” аттуу кинонун көрсөтүлүшү менен башталды. Кыргызстанда Жергиликтүү ой  – пикир коому Ош шаарында түрк кино күндөрү иш – чарасын өткөрдү. Бул жылы Ош шаары  Эл аралык түрк маданият уюму ТҮРКСОЙ тарабынан маданий  борбор шаар деп жарыяланган. Ош «Семетей» кино театрында «Бөрү» киносунун көрсөтүлүшү менен башталган жана «Нур» кино  театрында бүгүн да улантыла турган иш чаранын негизинде «Биз үчүн чемпион» жана «Жигердүү топ» кинолору акысыз көрсөтүлөт. Түркиянын Бишкектеги элчиси…

Прочитайте больше

Тегеран Вашингтонго эскертүү берди

Тегеран Вашингтонго эскертүү берди

Иран бийлиги Швейцариянын элчилиги аркылуу АКШга нота жөнөтүп, Сауд Аравиянын мунай объекттерине жасалган чабуулга катыштыгы бар экенин четке какты. Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги жазды. Швейцариянын Ирандагы элчисине расмий түрдө жөнөтүлгөн нотада Сауд Аравиянын мунай объекттерине жасалган чабуулга Ирандын катыштыгы жок экени белгиленип, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен АКШ президенти Дональд Трамптын Иранды айыптаган билдирүүлөрү четке кагылып, айыпталды. Мындан тышкары, Тегеран бул билдирүүсүндө эгер Иранга каршы аракеттер жасалса, Иран ошол замат жооп кайтарат деп эскертти. Иран…

Прочитайте больше

Эрдоган Йеменге кол салуу уланып жатканын сынга алды

Эрдоган Йеменге кол салуу уланып жатканын сынга алды

Түркиянын президенти акыркы жолу Сауд Аравиясынын мунай объектилерине болгон кол салуулар тууралуу билдирүүсүндө: “Йемен элине каршы аскердик кол салууларды биринчи ким баштаганын эстен чыгарбашыбыз керек”, – деди. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарада өткөн Иран, Орусия жана Түркия үч тараптуу жыйынынын соңунда журналисттер менен болгон маегинде “Тез аранын ичинде баскынчы Сауд коалициясынын Йемен элине каршы кол салуулары токтотулуп, өлкөнү калыбына келтирүү иштери күн тартибине коюлушу керек”, – деп билдирди. Түркия президентинин айткандары…

Прочитайте больше

Америкада мусулмандарга кол салуу болгон 10 миңден ашуун учур катталган

Америкада мусулмандарга кол салуу болгон 10 миңден ашуун учур катталган

Америкада 2014-жылдан бери азыркы учурга чейин мусулмандарга кол салуу болгон 10015 учур катталганы Америка-ислам мамилелери боюнча кеӊешинин баяндамасында айтылды. Бул туурасында  «IRNA News» агенттиги жазды. “Anadolu” агенттиги маалымдагандай, мусулмандарга каршы жасалган кол салуулардын көбү 2017-жылы болуп, 2599 учур катталган. Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 94%га көбөйгөн. Ушул жылдын биринчи жарымында мусулмандарга каршы кол салуу болгон 759га жакын окуя катталган. Америка-ислам мамилелери боюнча кеӊешинин маалыматы боюнча, 506 учур мечиттерге каршы жасалып, мечиттер өрттөлүп, зыяндар келтирилген. Америка-ислам мамилелери боюнча кеӊешинин…

Прочитайте больше

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабаралды

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабаралды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды. Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди. Чек ара чырынан жабыр тарткандардын баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, алар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, толук дары-дармектер менен камсыздалган. Президент Сооронбай Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерге ыкчам чараларды көргөндүгү үчүн…

Прочитайте больше

Руханий лидер: америкалыктар менен эч кандай деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүүлөр болбойт

Руханий лидер: америкалыктар менен эч кандай деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүүлөр болбойт

ИИРдин руханий лидери америкалыктар Иран менен диалог жүргүзүү маселесин кайрадан көтөрүп жатканын белгилеп мындай деди: “ИИРдин бардык жетекчилери Америка менен эч кандай диалог болбой турганын бир пикирде билдиришүүдө.” Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Аятолла Хаменеи 17-сентябрда диний билим берүүлөрдүн жаңы окуу жылын ачуу аземине карата сөз сүйлөдү.Аятолла Хаменеи америкалыктардын диалогго чакырууларынын максаты – Иранга кысым көрсөтүп, өз талаптарын таңуулоо экенин эске салып мындай деди: “Американын максималдуу кысым көрсөтүү саясаты Иран элинин бекем эркин сындыра албайт.” ИИРдин…

Прочитайте больше

Америкалык сенатор: Йемен чыр-чатагын арабстандыктар 80-жылдары баштаган

Америкалык сенатор: Йемен чыр-чатагын арабстандыктар 80-жылдары баштаган

Америка Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин мүчөсү Арабстанга эскертүү жасады. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Коннектикут штатынын өкүлү Крис Морфи Америка президентинин Арабстандагы мунай базасына жасаган чабуул боюнча: “атууга даярбыз” – деген билдирүүсүн сынга алды. Белгилей кетсек, мындан мурда Дональд Трамп Твиттер баракчасында мындай деп жарыялаган: “Арабстан мунайына чабуул жасалды. Анын себепчилерин күнөөлөөгө далилдер бар. Биз атууга даярбыз. Бул кадамдан алдың текшерүү жүргүзүүбүз керек. Албетте, биз Сауд падышасынын кимди күнөөлүү деп билгени угуубуз керек. Бул шарттарда алдыда…

Прочитайте больше