Америкада мусулмандарга кол салуу болгон 10 миңден ашуун учур катталган

Америкада 2014-жылдан бери азыркы учурга чейин мусулмандарга кол салуу болгон 10015 учур катталганы Америка-ислам мамилелери боюнча кеӊешинин баяндамасында айтылды.

Бул туурасында  «IRNA News» агенттиги жазды. “Anadolu” агенттиги маалымдагандай, мусулмандарга каршы жасалган кол салуулардын көбү 2017-жылы болуп, 2599 учур катталган.

Бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 94%га көбөйгөн. Ушул жылдын биринчи жарымында мусулмандарга каршы кол салуу болгон 759га жакын окуя катталган.

Америка-ислам мамилелери боюнча кеӊешинин маалыматы боюнча, 506 учур мечиттерге каршы жасалып, мечиттер өрттөлүп, зыяндар келтирилген. Америка-ислам мамилелери боюнча кеӊешинин мүчөсү Зениат Ариан аталган кеңеш тарабынан даярдалган баяндама Америкада мусулмандарга каршы жасалган учурлар көбөйүп жаткандыгын көрсөтүп турат деп билдирди.

Америка-ислам мамилелери боюнча кеӊеши – АКШдагы  мусулмандардын жарандык укуктарын коргогон ири уюм болуп саналат.

Комментарий жиберүү