Америкалык сенатор: Йемен чыр-чатагын арабстандыктар 80-жылдары баштаган

Америка Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин мүчөсү Арабстанга эскертүү жасады.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Коннектикут штатынын өкүлү Крис Морфи Америка президентинин Арабстандагы мунай базасына жасаган чабуул боюнча: “атууга даярбыз” – деген билдирүүсүн сынга алды.

Белгилей кетсек, мындан мурда Дональд Трамп Твиттер баракчасында мындай деп жарыялаган: “Арабстан мунайына чабуул жасалды. Анын себепчилерин күнөөлөөгө далилдер бар. Биз атууга даярбыз. Бул кадамдан алдың текшерүү жүргүзүүбүз керек. Албетте, биз Сауд падышасынын кимди күнөөлүү деп билгени угуубуз керек. Бул шарттарда алдыда болууга умтулам.”

Сенатор Морфи Трамптын бул билдирүүсун сындап мындай деп жазган: “Бүгүнкү күндөрү сауддар бизге өз абалдарын таңуулап жатканы өтө таң калыштуу. Биз Арабстан падышасы менен эки тараптуу аскердик коалиция түзгөн эмеспиз жана азыр да андай коалиция бар деп көрсөтүүнүн кажети жок.”

Эске салсак, 14-сентябрда Йемендин элдик комитеттери менен армиянын басма сөз катчысы билдирүү жасап, Йемендин 10 учкучсуз учагы Арабстандын Арамако компаниясынын мунай иштетүүчү 2 базасына чабуул жасаганын жарыялаган.

Аскер башчы Яхья Сарийъ бул чабуул Арабстан коалициясынын Йеменге болгон 5 жылдык согушуна жооп катары жасалганын баса белгилеген.

Крис Морфи Арабстандын Йеменге каршы согушу тарыхый тамырларга ээ экенин эске салып, бул тирешүүлөр сауддардын Йемен маселелерине кийлигишүүлөрүнүн уландысынан пайда болгонун кошумчалаган.

Комментарий жиберүү