Руханий лидер: америкалыктар менен эч кандай деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүүлөр болбойт

ИИРдин руханий лидери америкалыктар Иран менен диалог жүргүзүү маселесин кайрадан көтөрүп жатканын белгилеп мындай деди: “ИИРдин бардык жетекчилери Америка менен эч кандай диалог болбой турганын бир пикирде билдиришүүдө.”

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Аятолла Хаменеи 17-сентябрда диний билим берүүлөрдүн жаңы окуу жылын ачуу аземине карата сөз сүйлөдү.
Аятолла Хаменеи америкалыктардын диалогго чакырууларынын максаты – Иранга кысым көрсөтүп, өз талаптарын таңуулоо экенин эске салып мындай деди: “Американын максималдуу кысым көрсөтүү саясаты Иран элинин бекем эркин сындыра албайт.”

ИИРдин руханий лидери АКШ жетекчилигинин түрдүү абалдарына шилтеме берип мындай деди: “Кээде алар алдын ала шарттарсыз диалогго даярбыз дешет, кайра 12 шарт бар деп талап коюшат, анан дагы бир нерсени ойлоп табышат. Мунун баары АКШ администрациясындагы үстөмдүк менен башаламандыкты айгинелейт. Бирок биз ИИР өзүбүздүн принципиалдуу абалабызга ишенебиз жана эмнени көздөп, эмнеге жетүү керектигин жакшы билебиз.

“Алар диалог жүргүзүүнү кааласа “саан уюна” (Арабстан) кайрылышсын. Анткени Иран Ислам Республикасы бул- ар намыстуу мусулмандардын өлкөсү”,-деп баса белгиледи Аятолла.

Ыңкылабдын лидери мындай деп кошумчалады: “Эгер америкалыктар өз сөзүн артка алып, бир убакта бузган Өзөктүк келишимке кайра кайтышса, анда алар менен 5+1 курамында сүйлөшүү жүргүзсө болот. Андай болбосо, эч убакта ИИР менен АКШ тараптар Нью-Йоркто да, башка жерде да эч кандай сүйлөшүү жүргүзүшпөйт.”

Аятолла Иран 40 жылдан бери душмандардын ар кандай кастык мамилелерин башынан өткөргөнүн эске салып, мындай деди: “Иран менен каршылашам дегендер биринин артынан бири жеңилмекчи. Аллахтын ырайымы менен дагы да аларды жеңип,  туруштуктарда сыймык менен  жеңүүчү болуп чыга беребиз.”

Комментарий жиберүү