Тегеран Вашингтонго эскертүү берди

Иран бийлиги Швейцариянын элчилиги аркылуу АКШга нота жөнөтүп, Сауд Аравиянын мунай объекттерине жасалган чабуулга катыштыгы бар экенин четке какты.

Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги жазды. Швейцариянын Ирандагы элчисине расмий түрдө жөнөтүлгөн нотада Сауд Аравиянын мунай объекттерине жасалган чабуулга Ирандын катыштыгы жок экени белгиленип, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен АКШ президенти Дональд Трамптын Иранды айыптаган билдирүүлөрү четке кагылып, айыпталды.

Мындан тышкары, Тегеран бул билдирүүсүндө эгер Иранга каршы аракеттер жасалса, Иран ошол замат жооп кайтарат деп эскертти.

Иран 16-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамптын Иранды айыптаган билдирүүлөрүнөн кийин Швейцариянын Тегерандагы элчисине расмий түрдө нота жөнөткөн.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда Сауд Аравиянын мунай объекттерине чабуул жасалган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул чабуулга Ирандын катыштыгы бар деп айыптаган.

Иран өз дарегине айтылган айыптоолорду четке каккан.

Комментарий жиберүү