Эрдоган Йеменге кол салуу уланып жатканын сынга алды

Түркиянын президенти акыркы жолу Сауд Аравиясынын мунай объектилерине болгон кол салуулар тууралуу билдирүүсүндө: “Йемен элине каршы аскердик кол салууларды биринчи ким баштаганын эстен чыгарбашыбыз керек”, – деди.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарада өткөн Иран, Орусия жана Түркия үч тараптуу жыйынынын соңунда журналисттер менен болгон маегинде “Тез аранын ичинде баскынчы Сауд коалициясынын Йемен элине каршы кол салуулары токтотулуп, өлкөнү калыбына келтирүү иштери күн тартибине коюлушу керек”, – деп билдирди.

Түркия президентинин айткандары акыркы төрт жылдын ичинде Анкара өкмөтүнүн позициясы түп-тамыры менен өзгөргөнүн көрсөтүп турат. Чындыгында, Түркия өкмөтү алгач Сауд коалициясынын Йемен элине каршылыгын колдоого алган эле. Ал эми азыркы учурда карапайым Йемен элин колдоорун билдирип жатат.

Сауд режими Америка, Түркия, БАЭ жана башка бир катар өлкөлөрдүн колдоосу менен 2015-жылдын март айында Йеменди басып алуу, жер, суу жана абадан курчоого алуу аракеттерин баштаган.

Сауд режиминин Йемен калкына жасаган кол салууларындагы курмандыктар боюнча ар кандай статистикалык маалыматтар таркоодо. Ошол эле учурда «Аль-Кудс аль-Араби» геизити Батыш Азия боюнча эксперт жана серепчи Шафик Назим аль-Габранын калемине таандык жарыялаган отчетунда: “Буга чейин Йемендин 17 миң жараны өлкөдөгү согуштан курман болушканы маалым. Бирок, чындыгында өлкөдө согуштан курман болгондордун саны 70 миңден ашат. Мындан тышкары, шаардын инфраструктурасынын 85 пайызы талкаланган”, – деп билдирген.

Ошондой эле, адам өлүмүнөн тышкары, Сауд Аравиясынын жана анын союздаштарынын Йеменде тутандырган согушунун кесепетинен өлкөдөгү миңдеген мусулмандар үй-жайын таштап, качкынга айланышты. Сауд коалициясынын Йемендин карапайым элине жасаган кол салуулары акыркы төрт жылдын ичинде көп деле каршылыктарга кабылган жок. Чындыгында, Араб жана Батыш коалициясы Американын өнүккөн курал-жарактары менен Йемендин карапайым элине ырайымсыз кол салууларды жасап келишти.

Йемен окуялары Американын жана Израилдин колдоосу менен төрт жылга созулган Саудиянын кылмыштарынан кийин, Йемен  учкучсуз учактары аркылуу Сауд Аравиясынын мунай объектилерине кол салуусунан соң жаңы этапка өттү десек болот. Йемен армиясы жана элдик комитеттери Сауд коалициясынын карапайым жарандарга каршы кылмыштарына жооп кылып “Aramco” компаниясына таандык мунайды кайра иштетүүчү эки заводду бутага алышкан.

Убакыттын өтүшү менен Араб колаициясынын жактоочуларынын саны азаят жана түрк өкмөтүнүн андан чыгышы  мисал боло алат.

Мухаммед Али Талеби Хакиани.

Комментарий жиберүү