Америкалыктардын көпчүлүгү Вашингтодун Батыш Азияда аскердик кийлигишүүсүнө каршы

Сауд Аравиядагы мунай объекттерине жасалган чабуулдун дүйнөлүк мунай рыногуна тийгизген таасирине карабастан көпчүлүк америкалыктар Эр-Рияддын бул чабуулга кандай гана ыктымалдуу жооп кайтаруусу болбосун Вашингтондук аскердик кийлигишүүсүнө каршы экенин билдиришти.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. “Business Insider” аналитикалык порталы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, америкалыктардын 13%ы гана Американын армиясы Сауд Аравиянын “Saudi Aramco” компаниясынын мунай объекттерине жасалган чабуулга ыктымалдуу жооп кайтаруусуна кошулушу керек деп колдоду.

Алардын ичинен 6%ы  Америка саудиялыктардын аскердик жооп кайтаруусунун бир бөлүгү катары абадан сокку жасоо же бомбалоо операциясына катышуусу керек. Бирок кургактагы күчтөрдү жайгаштыруудан алыс болуусу керек деп эсептеди.

Ал эми сурамжылоого катышкандардын 7%ы Америка Сауд Аравияны зарыл болгон аскердик жардамдар менен камсыз кылышы керек деген пикирде.

Сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, америкалыктардын 25%ы Америка Батыш Азия маселелеринен өзүн алып чыгып кетиши керек жана Сауд Аравия  “Aramco” маселесин жалгыз өзү чечүүсүнө жол бериши керек деп белгилешти.

“Business Insider” аналитикалык порталынын сурамжылоосу Сауд Аравиядагы мунай объекттерине жасалган чабуулдун дүйнөлүк мунай рыногуна тийгизген таасирине карабастан америкалыктардын көбү Эр-Рияддын бул чабуулга кандай гана ыктымалдуу жооп кайтаруусу болбосун Вашингтондук аскердик кийлигишүүсүнө каршы экенин көрсөттү.

Ансаруллах кыймылынын Сауд Аравиянын мунай объекттерине жасаган чабуулундагы Ирандын ролу жөнүндө далилдер жок болсо дагы Вашингтон бул чабуулга Ирандын катыштыгы бар деп айыптоодо. Ушул шылтоо менен Трамп кечээ, 18-сентябрда Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди. “Business Insider” аналитикалык порталынын сурамжылоосу 17-сентябрдан 18-сентябрга чейин жүргүзүлүп, ага жалпы 1142 киши катышкан.

Комментарий жиберүү