БУУнун эксперттери Сауд Аравияга жөнөп кетишти

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш Улуттар уюмунун эксперттери “Saudi Aramco” компаниясынын мунай объекттерине жасалган чабуулду иликтөө үчүн Сауд Аравияга жөнөп кетишкенин билдирди.

Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги кабарлады. “Agence France-Presse” агенттигинин маалыматына караганда, Гуттереш БУУнун эксперттери Сауд Аравияга жөнөп кетишкенин жана алар БУУнун Коопсуздук кеңеши берген  мандатка ылайык  иш алып барышарын кабарчыларга билдирди.

Ал эгер Перс булуңу аймагында олуттуу кагылышуу боло турган болсо, аймакка жана бүткүл дүйнөгө кыйратуучу кесепеттерди алып келет деп эскертти.

14-сентябрда Сауд Аравиянын мунай объекттерине чабуул жасалган. Кол салуу жоопкерчилигин Ансаруллах кыймылы өзүнө алды. Бирок Америка менен Сауд Аравия бул чабуулга Ирандын катыштыгы бар деп айыптоодо. Иран өз дарегине айтылган айыптоолорду четке какты.

Комментарий жиберүү