Нетаньяху БУУнун Башкы ассамблеясына катышпайт

Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху АКШнын Нью – Йорк шаарында өткөрүлө турган БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн бул өлкөгө жасай турган сапарын токтотту.

Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху АКШнын Нью – Йорк шаарында өткөрүлө турган БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн бул өлкөгө жасай турган сапарын токтотту.

Премьер  – министрлик басма сөз офисинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда эрте жалпы шайлоодо партиясы артта калган Нетаньяху Израилдеги саясий абалдан улам келерки жумада боло турган БУУнун 74 – Башкы ассамблеясына катыша албайт.

Нетаньяхунун БУУнун Башкы ассамблеясында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушу күтүлүп жаткан.  

Трамп менен Нетаньяху ишемби күнү телефондо сүйлөшүп, АКШнын президенти социалдык медиадан берген маалыматта БУУнун Башкы ассамблеясынын ачылышында Нетаньяху менен жолугушарын белгилеген.

Израиль Борбордук Шайлоо Комиссиясынын шейшемби күнү болгон шайлоого байланыштуу бөлүшкөн маалыматта добуштардын 90 пайызынын саналгандыгы билдирилди. Бул маалыматка караганда Нетаньяхунун партиясы Ликуддун добуштары төмөндөп, мурунку башкы штабдын төрагасы Бенни Ганцдын лидерлигиндеги Көгүлтүр Ак Союздаштыгы алдыга чыкты.

Добуштардын качан саналып бүтөрү азырынча белгисиз болуп, акыркы маалыматтарга караганда Көгүлтүр  –  Ак 32, Ликуд болсо 31 депутатын парламентке киргизди.

Өзгөчө Нетаньяхунун партиясы Ликуддун жол башчылыгындагы оңчул партиялардан турган блоктун депутат саны да 56дан 55ке түштү.

Комментарий жиберүү