Орусияда вирус коркунучу

Вирустар сакталган жайда жарылуу болгон эле.

Орусиянын Сибирь аймагында вирустарды изилдөө борборунда болгон жарылууда вирустун жайылгандыгы айтылууда.

Орус басма сөзүндө чыккан кабарларга караганда, Новосибирск аймагынын Кольцово шаарындагы Вектор мамлекеттик вирусология жана биотехнологиялык изилдөө борборунда курулуш учурунда газ жарылды.

Азырынча себеби белгисиз болгон жарылуу боюнча Орусиянын териштирүү комитетинин иликтөө жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

Дүйнөдө эбола, чума жана чечек оорусунун вирустары сакталган саналуу жайлардын бири болгон бул изилдөө борборундагы жарылууда, вирустун жайылып кеткендиги айтылууда.

Бир тараптан орусиялык тийиштүү кызматкерлер болсо өмүргө коркунуч келтирбегендигин билдиришти.

Кольцово шаарындагы изилдөө борборунда үч күн мурда болгон жарылуудан 1 киши жаракат алган эле.

Комментарий жиберүү