Пакистан Кашмир маселеси чечилгенге дейре Индия менен сүйлөшпөйт

Бул учурда Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин АКШга сапары үчүн Пакистандын аба мейкиндигин колдонушуна уруксат бербей тургандарын билдирди.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Индиянын көзөмөлүндөгү Жамму Кашмирдин статусу мурункусундай болуп жана коменданттык саат жоюлганга дейре Индия менен сүйлөшпөй турганын билдирди.

Премьер-министр Хандын АКШнын Нью-Йорк шаарында өтө турчу БУУнун Башкы Ассамблеясына катышаары жана бул жердеги сөз сүйлөөсүндө Жамму Кашмирдеги адам укуктарын бузууларга токтоло тургандыгы белгиленди.

Бул учурда Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин келээрки жумага пландаган АКШга сапары үчүн Пакистандын аба мейкиндигин колдонушуна уруксат бербей тургандарын билдирди.

Индия жарым кылымдан ашуун убакыттан бери Жамму Кашмирге өзгөчө ыйгарым укук берген конституциялык беренесин 5-августта жоюп, Жамму Кашмирди эки аймакка бөлгөн болчу.

Комментарий жиберүү