Пентагондун мурдагы аткаминери: Эр-Рияддын Иранга каршы билдирүүлөрү далилсиз

Michael Malof: Арамко мунай базасына кайсы тараптан ракеталар аттырылгандыгына күбө жок.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Пентагондун мурдагы бир аткаминери РТ каналына берген маегинде Арабстандын “Арамко мунай базасына чабуул жасаган Иран”- деген билдирүүлөрү далилсиз экендигин белгиледи.

Ал Эр-Рияд эч кандай далилдерди көрсөтпөстөн, Иранга болгон кастык мамилесин көрсөтүп жатканын айтып, эгер согуш башталса, эч ким аман калбай турганын жана согуш баштагандар аны кайра токтото албай турганын тактады.

Белгилей кетсек, 18-сентябрда Арабстандын Коргоо министринин басма сөз катчысы Торки аль-Малаки пресс-конференцияда билдирүү жасап: “Арамко мунай базасына Иран чабуул жасаган”-деп жарыялаган.

Ошондой эле базаны талкалаган учкучсуз учактардын сыныктары Иранда жасалып чыкканын көрсөткөн.
Эске салсак, өткөн ишембиде Йемен коргонуу күчтөрүнүн 10 учкучсуз учактары Арабстандын ири мунай базасын талкалашкан.

Бул окуядан соң америкалык жетекчилер Иран тарапты күнөөлөшкөн.

Комментарий жиберүү