Руханий лидер: Хусейндин (а.с) “кыркын” өткөрүү дүйнөлүк жөрөлгөгө айланды

ИИРдин Руханий лидери Хусейндин (а.с) кыркын өткөрүү жөрөлгөсү жылдан жылга дүйнөлүк деңгээлде көтөрүлүп жатканын белгиледи.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Руханий жол башчысы 18-сентябрда “Хусейндин (а.с) кыркы” жөрөлгөсүн уюштуруучу  ирактыктарды  алкоо аземинде сөз сүйлөдү.

Аятолла Хаменеи Ирактагы зыяратчылырдын жүрүшүнө “дүйнөлүк тарыхтагы ажайып жөрөлгө”?-деген баа берди.

“Имам Хусейн (с.а) бир гана шииттерге таандык эмес, бардык мазхабдарга, дегеле бардык инсандарга таандык. Андыктан бул жүрүшкө мусулман эместер да көп катышышат”,-деп билдирди Руханий лидер.

Анын айтымында? эгер Батыш Азия менен Түндүк Африка мусулмандарынын эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрүн бир күчкө чогултса, бүт дүйнөгө ислам цивилизациясын көргөзүүгө болот.

Аятолла Хаменеи Ирактын меймандос, динчил элин алкоо менен эки өлкөнун байыркы достугун белгилеп мындай деди: “Душмандар эки элдин ортосуна чагымчылык жаратууга дайым аракет жасап келишет. Бирок алар мүдөөсүнө жетишпейт. Анткени эки элдин Аллахка болгон ыйманы жана Пайгамбар (с.а.в) менен анын үй-бүлөсүнө, айрыкча имам Хусейнге (а.с) болгон сүйүүлөрү күчтүү.”

Аятолла Хаменеи Иранга каршы санкциялар 40 жылдан бери уланып келе жатканын эске салып, АКШ менен анын шериктештеринин Иран элине каршы аракеттеринен өз өлкөсү бул мөөнөттө жаш көчөттөн күчтүү даракка айланып, жылдан жылга мөмөлөрү арбын болуп жатканын билдирди.

Комментарий жиберүү