Кыргызстанда Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгилене баштады

Өлкөдө Мамлекеттик тил, башкача айтканда, кыргыз тили тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына 30 жыл болду.

Ага карата жыл сайын атайын пландар бекитилип, майрамдоо иш-чаралары өткөрүлөт. Быйыл да 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүн майрамдоо башталды.

Мисалы, бүгүн, 20-сентябрда, Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинде 23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекеме, ишканалардын кызматкерлери, мугалимдер жана студенттер катышты.

Иш-чара Ош шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлеринин, Ош кыргыз улуттук драмалык театрынын артисттеринин, окуу жайлардын чыгармачыл топторунун коштоосунда сахналаштырылган көрүнүштөр, концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле, катышуучуларга Мамлекеттик тил күнүнө арналган атайын китеп көргөзмөсү уюштурулду. Ушундай эле иш-чаралар башка аймактарда да белгиленди.

Эске салсак, Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Кыргыз тили Мамлекеттик тил статусун алуу менен, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдеринин өнүгүшүнө кам көрүү Конституцияда, тил мыйзамында баса көрсөтүлгөн. Ошондуктан Кыргызстандын мектептеринде орус, өзбек, казак, дуңган жана башка тилдерде окутуу жүргүзүлөт.

КРнын Конституциясына ылайык, кабыл алган мыйзамдар мамлекеттик тилде жана расмий тилдерде жарыяланат. Иш кагаздары, сот иштери да ушундай тартипте жүргүзүлөт. 

Комментарий жиберүү