Ливандын ТИМ жетекчиси: Хезболла өкмөттүн бир бөлүгү.

Ливандын ТИМ жетекчиси: Хезболла өкмөттүн бир бөлүгү.

Ливан ТИМнин жетекчиси Гарвард ЖОЖунда өткөн отурумда Хезболла партиясы өкмөттүн бир бөлүгү экенин билдирди. Бул тууралуу Jome-jam сайты Fars агенттигине шилтеме берип маалымдады. Жобран Басил Нью-Йоркко болгон иш сапарында Хезболланын Ливандагы ролун баяндады. Гравард ЖОЖунда өткөн конференцияда Американын Хезболлага чектөө киргизүүсу тууралуу берилген суроого мындай деп жооп берди: “Албетте бул оор абал, бирок Хезболла Ливан өкмөтүнүн, элинин бир бөлүгү десем жаңылышпайм. Бул сөз Америка өкмөтүн иренжитсе да акыйкатты айтуум керек. Биз өз өлкөбүздү, чегараларыбызды Израилдин…

Прочитайте больше

БАЭ Ливиядагы согушка 74 млн. доллар сарптаган

БАЭ Ливиядагы согушка 74 млн. доллар сарптаган

Ливиянын “Аль-Табави конгресси” партиясынын жетекчиси Иса Абдуль Мажид шейшемби күнү Женевада адам укуктары боюнча Жогорку Кеңештин уктуруусунда Бириккен Араб Эмираты Ливиядагы бөлүнүп-жарылуу жана согушту жаратуу үчүн 74 млн. доллардан ашык каражат сарптаганын билдирди. Бул тууралуу  “IRNA NEWS” агенттиги кабарлады.“Айрым өлкөлөр, атап айтканда Бириккен Араб Эмираты Триполиге каршы согуш жана бөлүнүп-жарылууларды жаратуу үчүн 74,5 млн. доллар каражат жумшады”, – деди Абдуль Мажид. Ошондой эле, ал “БАЭ генерал Халифа Хафтарды колдогон айрым маалымат каражаттарына каржылык жардам көрсөтүп турат”,…

Прочитайте больше

БУУнун экс-орун басары: Американын идеологиясы БУУну туңгуюкка жеткирди

БУУнун экс-орун басары: Американын идеологиясы БУУну туңгуюкка жеткирди

Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы басары, Орусиянын Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору агенттикке маек берди. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Сергей Орджоникидзе “Чегарасыз” деп аталган теле көрсөтүүгө берген маегинде Батыш Азиядагы окуяларга токтолду.Ал региондогу кошуна өлкөлөр биргеликте Американын кийлигишүүсүн токтотуп, аны региондон чыгарса, бардык маселелер чечилээрин белгиледи. Анын ой- пикири боюнча Американын идеологиясы БУУну туңгуюкка такаган. – Бүгүнкү күнү Батыш Азиядагы кырдаалдардын себеби эмнеде деп билесиз? – Кырдаалдардын себеби Американын аймактагы империалисттик саясаттарына байланыштуу. Мындан 15 жыл мурда БУУнун…

Прочитайте больше

Эрдоган: Саудиядагы чабуулга Иранды айыптоо туура эмес

Эрдоган: Саудиядагы чабуулга Иранды айыптоо туура эмес

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сауд Аравиядагы мунай объекттерине жасалган чабуулга Иранды айыптоо туура эмес деп америкалык телеканалга берген маегинде билдирди. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Эрдоган бүгүн, 26-сентябрь эртең менен Американын “Fox News Channel” телеканалына берген маегинде, 14-сентярда Сауд Арвиянын чыгышындагы “Aramco” мунай компаниясына жасалган чабуулга Иранды айыптоону туура иш деп ойлобойм деп билдирди. Ал саудиядагы чабуул Йемендин ар кайсы бөлүгүнөн жасалганын белгилеп, “Иранды толук түрдө айыптоо туура эмес. Анткени колдо бар далилдер муну тастыктаган жок”, …

Прочитайте больше

Чотоев:Мечит салууга чектөө киргизүү маселеси чечиле элек

Чотоев:Мечит салууга чектөө киргизүү маселеси чечиле элек

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Замир Чотаев парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мечит курууга чектөө киргизүү маселеси көтөрүлгөнүн айтты: – Бул суроо боюнча Коопсуздук кеңешинин катчылыгы диний жайлардын курулушун иретке келтирүүнү жана чектөө киргизүүнү сунуш кылган. Эгерде көп болуп жатса, аймакта жашагандардын санына карап чек коюу айтылган. Бирок бул маселе чечиле элек. Чотаев өлкө боюнча 2 669 мечит каттоодон өткөнүн маалымдады. Каттоодон өтө элек мечиттердин так саны 300гө жакын.

Прочитайте больше