Ташкентте ШКУнун экономика министрлеринин жыйыны өттү

Ташкентте ШКУнун экономика министрлеринин жыйыны өттү

Өзбекстандын борбор калаасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин экономика министрлеринин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги маалымдады.Жыйынга Индиянын соода жана өнөр-жай министри Пиюш Пракаш Гоял, Казакстандын улуттук экономика министри Руслан Даленов, Кытайдын соода министринин орун басары Ван Шо Вэнь, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Султан Ахматов, Пакистандын Өзбекстандагы элчиси Ирфан Юсуф Шами, Орусиянын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Тимур Максимов, Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Гүлру Жаббарзаде жана Өзбекстандын инвестиция жана…

Прочитайте больше

Бүгүн дүйнөдө Эл аралык туризм күнү белгиленүүдө

Бүгүн дүйнөдө Эл аралык туризм күнү белгиленүүдө

Аталган майрам дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде 30 жылдан ашуун убакыттан бери белгиленип келет. Салттуу түрдө бул майрамда салтанаттуу иш-чаралар жана фестивалдар өтөт. Бул майрам Кыргызстанда дагы белгиленип, анда туристтик компаниялар тарыбынан өлкөбүздүн кооз аймактарына атайын турлар уюштурулат. Майрам жыл сайын 27-сентябрда белгиленет. Максаты – туризмди жайылтуу, өлкөнүн экономикасына салым кошуп жаткан туризм багытын даңазалоо. Өлкөлөр аралык байланышты, достукту өнүктүрүү. Белгилей кетсек, 1979-жылы Испаниянын Торремолино шаарында Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдардын Башкы ассамблеясында 27-сентябрь туризм күнү деп бекитилген….

Прочитайте больше

Жак Ширак дүйнө салды

Жак Ширак дүйнө салды

Франциянын экс-президенти көз жумду. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Франциянын экс-президенти 1932-жылы Парижде туулуп, кечээ, 26-сентябрда дүйнө салды.  Ал 1995-жылдан 2007-жылга чейин Францияны башкарып келген жана Ирак согушунун белгилүү сынчысы болгон. Ширак 1974-жылы убактагы премьер-министр Жорж Помпидунун көзү өткөн соң, анын ордуна  дайындалган. Ширак 1976-жылы президент Валерия Гискардштейн менен болгон келишпестиктерден улам премьер-министрликтен четтетилип, “республикачылар” партиясын түзүп, партиянын башкы катчысы болуп белгиленген.   Ширак акыры 1995-жылы Франциянын президенти болуп шайланган жана 2007-жылы президенттиктен, саясаттан биротоло кеткен.

Прочитайте больше

Дастин Порье аукциондо Хабибдин футболкасын сатты

Дастин Порье аукциондо Хабибдин футболкасын сатты

UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы убактылуу чемпиону Дастин Порье Ebay аукционунда өзүнүн спорттук чолок шымын, кол кабын жана Хабиб Нурмагомедовдун футболкасын сатты. Бул тууралуу MMAJunkie басылмасы билдиргенин Чемпионат жазып чыкты. Аукциондо анын кийимдери 60 миң долларга сатылган. Түшкөн каражаттар Порьенин кайрымдуулук фондуна которулат. Америкалык мушкер ар бир беттештен кийин спорттук кийимдерин сатып, кайрымдуулук иштерге жумшайт. Эскерте кетсек, Абу-Даби шаарындагы UFC 242 турниринде Нурмагомедов менен Порье беттешкен. Таймаштын соңунда эки мушкер футболкалары менен алмашышкан. Хахиб Нурмагомедов…

Прочитайте больше

Индияда катуу жааган жамгырдан 22 киши каза болду

Индияда катуу жааган жамгырдан 22 киши каза болду

Жетекчилерге селден жабыркагандар үчүн тамак  – аш, таза суу, дары жана башка керектүү матераилдарды камдоо жолдомосу берилди.  Индиянын түрдүү шаарларында катуу жааган жамгырда каза болгондордун саны 22ге жетти. Индия массалык маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда катуу жааган жамгыр жол ачкан сел жана түрдүү кырсыктардан улам Махараштра провинциясында  жетекчилер Махараштранын Пуне жана Жалгаон аймактарында 11 кишинин да жоголгондугун белгилешти. Пунеде сел сууларында аккан 200гө жакын унаанын зыян тарткандыгын билдирген жетекчилер 150 үйдүн да катуу жааган…

Прочитайте больше

Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Хашоггинин өлүмү үчүн жооптуу экенин мойнуна алды

Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Хашоггинин өлүмү үчүн жооптуу экенин мойнуна алды

Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман америкалык телеканалга берген маегинде Эр-Рияддын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн саудиялык сынчы-журналист Жамал Хашоггинин өлүмү үчүн жооптуу экенин биринчи жолу мойнуна алды. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Бен Салман “PBS” телеканалына берген маегинде, Хашоггинин өлүмүнө жооптуу экенин мойнуна алып, анткени бул окуя анын Сауд Аравиядагы иштер үчүн жооптуу болгон учурунда болгонун билдирди. Бен Салман буга чейин Хашоггинин өлүмү боюнча  ачык билдирүү жасай элек болчу. Хашогги Эр-Рияддын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөндөн кийин АКШнын…

Прочитайте больше