Бүгүн дүйнөдө Эл аралык туризм күнү белгиленүүдө

Аталган майрам дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде 30 жылдан ашуун убакыттан бери белгиленип келет.

Салттуу түрдө бул майрамда салтанаттуу иш-чаралар жана фестивалдар өтөт. Бул майрам Кыргызстанда дагы белгиленип, анда туристтик компаниялар тарыбынан өлкөбүздүн кооз аймактарына атайын турлар уюштурулат.

Майрам жыл сайын 27-сентябрда белгиленет. Максаты – туризмди жайылтуу, өлкөнүн экономикасына салым кошуп жаткан туризм багытын даңазалоо. Өлкөлөр аралык байланышты, достукту өнүктүрүү.

Белгилей кетсек, 1979-жылы Испаниянын Торремолино шаарында Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдардын Башкы ассамблеясында 27-сентябрь туризм күнү деп бекитилген.

Дүйнөдө эң алгачкы туристтик агенттигин 1841-жылы Томас Кук ачкан. Учурда көпчүлүк мамлекеттерде туристтик миңдеген агенттиктер бар.

Ал эми Кыргызстан да мындай өнүүгүдөн артта калган жок. Учурда жылдын бардык мезгилине ыңгайлашкан ар тараптуу туристтик саякат багыттары ийгиликтүү иштешет. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келип, Кыргызстандын керемет жерлери менен таанышып суктанышат. Акыркы жарым кылымда туризм багыты экономикалык тармакта абдан тез өнүгүүдө. Дүйнөлүк экономиканын 10%ын туризм тармагы түзөт.

Комментарий жиберүү