Йемен Сауд Аравиясынын ок атышууну токтотуу сунушун четке какты

Йемен Саудиянын ок атышууну токтотуу сунушун четке кагып, кол салууларды толуу менен токтотууга чакырды.

Бул тууралуу «Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Йемен өкмөтүнүн маалымат булактары Йемендин Улуттук куткаруу өкмөтү Сауд Аравиясынын өлкөнүн бир нече аймагында ок атууну токтотуу боюнча сунушун четке какканын билдирди.

Улуттук куткаруу өкмөтү Йеменге болгон кол салуулардын толугу менен токтотулушун талап кылды.

Буга чейин, Wall Street Journal жарыялаган маалыматта, Сауд Аравиясы Йемендин айрым аймактарында ок атышууну токтотууга макулдугун бергени кабарланган. Ок атууну токтотуу төрт аймакта, анын ичинде Йемендин борбору Сана шаарында да ишке ашырылмак.

Маалыматка караганда, эгер бул ок атууну токтотуу ийгиликтүү макулдашылганда, саудиялыктар Йемендин башка аймактарында дагы ок атууну токтотууга макул болушмак.

Йемендин Жогорку саясий кеңешинин төрагасы Махди аль-Машат карама-каршы тарап Йеменге чабуулдарын токтотсо, Сауд Аравиясына учкучсуз апараттар менен жана ракеталык кол салуулар токтотуларын билдирди.

Комментарий жиберүү