Түркия Индияга көңүл айтты

Түркия Индияга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү. Түркия Индиянын бир канча аймагында болгон сел апаатынан 110дон ашуун кишинин каза табышына байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады. Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Индиядагы сел апаатынан каза тапкандар үчүн көңүл айтылып: «Индиянын Уттар-Прадеш облусу менен катар бир канча аймагында болгон сел апаатында 110дон ашуун кишинин каза болушу катуу капа салды. Индия эли жана өкмөтү менен апааттан каза тапкандардын жакындарына чын дилден көңүл айтабыз»,-деген сөздөргө орун берилди.

Прочитайте больше

Ооганстанда шайлоо күнү да кол салуулар токтогон жок

Ооганстанда шайлоо күнү да кол салуулар токтогон жок

Ички иштер министри Месут Андераби, басма сөзгө берген маалыматында Талибандын шайлоолорго бөгөт коюу аракеттеринин ийгиликсиз болгонун айтты. Ооганстанда кечээ президенттик шайлоо убагында өлкөнүн жалпысында катталган 68 кол салууда 4 коопсуздук кызматкери каза тапты. Ички иштер министри Месут Андераби, басма сөзгө берген маалыматында Талибандын шайлоолорго бөгөт коюу аракеттеринин ийгиликсиз болгонун айтты. Талибандын жалпы өлкөдөгү 68 кол салуусунан 4 коопсуздук кызматкери каза тапканын айткан Андераби, 3 коопсуздук кызматкери менен 72 кишинин жаракат алганын белгиледи. Андераби, кол саулулардын…

Прочитайте больше

Бен Салман атасынын жан сакчысын өлтүрдү

Бен Салман атасынын жан сакчысын өлтүрдү

Сауд Арабиянын падышасынын кезектеги үй-бүлөлүк жаңылыктары Твиттер баракчасында жарыяланды. IRNA агенттигинин маалыматына ылайык,  Саудия падышасы Салман бен Абдульазиздин жан сакчысы Абдулазиз аль-Фаъам  падышанын мураскери Мухаммад бен Салман аркылуу уюштурулган террордук уюм аркылуу өлтүрүлгөнү жарыяланды. Берилген маалыматтарга караштуу,  падышанын жан сакчысы Жедда шаарында жайгашкан падышалык Ак сарайда өлтүрүлгөн. Бул маалыматты жарыялаган кабарчы падышанын жан сакчысы Аалу Сауд үй-бүлөсүнө ишенимдүү кызмат кылганын, бирок анын уулу бен Салман ага ишенбегенин жана тез арада жок кылууну көздөп жүргөнүн кошумчалаган. Эске…

Прочитайте больше

Аль-Акса интифадасында 119 миң палестиналык кармалган

Аль-Акса интифадасында 119 миң палестиналык кармалган

Палестинанын туткундарды изилдөө борбору сионисттик режим 2000-жылдан бери интифадага (Палестинаны бошотуу кыймылы) катышкан 119 миң палестиналыкты камакка алышканын ачыктады. Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, аталган борбордун билдирүүсүнө караганда, сионисттик режимдин күчтөрү аль-Аксаны бошотуу кыймылына катышкандардан 2070 палестиналык кыз-келиндерди, 16490 жашы жете элек балдарды жана 67 палестиналык өкүлдөрдү камакка алышканы белгилүү болду. Буга кошумча Израиль соту 29821ден ашуун палестиналыкты камакка алышкан. Берилген маалыматтарга караштуу, туткунга алынган палестиналыктарга сионисттик режимдин күчтөрү аркылуу зордук-зомбулук көрсөтүлүп келет.

Прочитайте больше

Кытай: Америка өкмөтүнүн саясаты дүйнөлүк тартипке коркунуч келтирүүдө

Кытай: Америка өкмөтүнүн саясаты дүйнөлүк тартипке коркунуч келтирүүдө

Кытайдын тышкы иштер министри БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында сүйлөгөн сөзүндө Америка өкмөтүнүн саясаты дүйнөлүк тартипке коркунуч келтирип жатканын эскертти. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Кытайдын ТИМ жетекчиси Ван И Америка өкмөтүнүн саясатын сынга алып, мындай кадамдар дүйнөлүк тартипке коркунуч жана дүйнөлүк рецессияга алып келет деди. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жетимиш төртүнчү жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, “Биз коргонуу саясатынын ар кандай соккон шамалдарын көргөнбүз жана болуп жаткан окуяларга эч качан унчукпай кала бербейбиз. Бир тараптуу коргонуу…

Прочитайте больше