Түркия Индияга көңүл айтты

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

Түркия Индиянын бир канча аймагында болгон сел апаатынан 110дон ашуун кишинин каза табышына байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Индиядагы сел апаатынан каза тапкандар үчүн көңүл айтылып: «Индиянын Уттар-Прадеш облусу менен катар бир канча аймагында болгон сел апаатында 110дон ашуун кишинин каза болушу катуу капа салды. Индия эли жана өкмөтү менен апааттан каза тапкандардын жакындарына чын дилден көңүл айтабыз»,-деген сөздөргө орун берилди.

Комментарий жиберүү