Дания Орусиянын газ түтүк жолун өткөрүүгө уруксат берди

Дания Орусиянын газ түтүк жолун өткөрүүгө уруксат берди

Американын каршылыгына карабастан, Орусиянын Германияга  Дания аркылуу өтүүчү газ түтүк жолуна макулдук берилди. Бул тууралуу Мехр агенттиги Евроньюска шилтеме берип маалымдады.Даниянын энергетикалык агенттиги 30-октябрда билдирүү жасап, Орусиянын Газпром компаниясына Балтика жолу жана Даниянын Бонхольм түштүк аралы аркылуу Германияга газ өткөрүү боюнча керектүү кепилдиктерди тапшырарын жарыялады. Белгилей кетсек, Rolling Stream деп аталган газ түтүгү Орусиядан тарта 2100 км. узундукта Финляндия, Швеция жана Балтика дарыялары аркылуу Германиянын түндүгүнө кошулмакчы. Берилген маалыматтарга караштуу, газ түтүгүн өткөрүү долбоору келээрки аптада жүзөгө ашырылмакчы….

Прочитайте больше

Дамаск провинциясында Америкада өндүрүлгөн көп өлчөмдөгү курал-жарактар табылды

Дамаск провинциясында Америкада өндүрүлгөн көп өлчөмдөгү курал-жарактар табылды

Сириянын армиясы Дамаск провинциясынан Америкада өндүрүлгөн көп өлчөмдөгү курал-жарактар, ок-дарылар, анын ичинде танкка каршы бир нече ракета табылганын маалымдады. Бул туурасында “Pars Today” агенттиги жазды. Сирия армиясынын билдирүүсүнө караганда, Америкада жасалган бул курал-жарактар чыгыш Каламун аймагында жүргүзүлгөн тазалоо жана издөө иштери учурунда табылган. Табылган курал-жарактар чыгыш Каламун аймагында болгон террордук топторго таандык болгон. Сирия армиясы буга чейин дагы өлкөнүн ар кайсы аймактарынан  Израилден жана Батыш өлкөлөрүнөн, анын ичинде Америкада өндүрүлгөн курал-жарактар жана ок-дарылар сакталган бир нече кампаларды…

Прочитайте больше

Американын аскери 1 айдын ичинде Ооганстанга 1100дөн ашык абадан чабуул жасады

Американын аскери 1 айдын ичинде Ооганстанга 1100дөн ашык абадан чабуул жасады

Жарыяланган статистика боюнча, америкалык аскерлер Ооганстандын ар кандай аймактарына сентябрь айынын ичинде 1100дөн ашык абадан чабуул жасашканы маалым болду. Бул туураалуу  “Fars News” агенттиги TV News сайтына шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, Американын Ооганстанга жасаган чабуулдары акыркы айларда көбөйүүдө жана аталган веб-сайттын маалыматында үстүбүздөгү жылдын июнь айында 537, ал эми август айында 810 ирет чабуул жасашканы айтылууда. Ал эми БУУнун Ооганстандагы орун басарлык делегациясы  Американын Ооганстандын Батыш аймактарына жасаган чабуулунан май айында эле 30 жайкын тургун, алардын ичинде…

Прочитайте больше

Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести

Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө айыппул салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды. Өкүм 30-октябрда чыкты. Ишти судья Дамирбек Назаров карады. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылды. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айтып, акыйкат чечим чыгарууну өтүнгөн. Журналисттерге кыска комментарий берип өкүмгө макул эместигин, адвокаты кийинки инстанцияга кайрыларын айтты. Ал 2018-жылдын 20-октябрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик…

Прочитайте больше

Аргентиналык дипломат МАГАТЭнин башкы директору болду

Аргентиналык дипломат МАГАТЭнин башкы директору болду

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Аргентинанын дипломаты Рафаэль Гросси Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин өкүлдөрүнүн добушу менен башкы директор болуп дайындалганын билдирди. “IRNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов бул тууралуу Twitter баракчасына жарыялады.Рафаэль Гросси Аргентинанын Австриядагы элчиси жана МАГАТЭнин мурунку башкы директорунун жардамчысы болгон. Буга чейин маалымат каражаттары Юкия Амано дүйнөдөн өткөндөн кийин Словакиянын өзөктүк мониторинг уюмунун учурдагы жетекчиси Марта Зякова, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин убактылуу башкы директору Корнел…

Прочитайте больше

Орусия Тажикстанга 5 млн долларга аскердик жардам көрсөттү

Орусия Тажикстанга  5 млн долларга аскердик жардам көрсөттү

Орусия Тажикстанга кайтарымсыз түрдө 320 миллион рублга же 5 миллион долларга бааланган аскер техникаларын жана курал-жарактарын берди. Орусия Борбордук аскер округунун башчысы Александр Лапиндин айтымында, тажик армиясы радиолокациялык станцияга, чопкутталган заманбап аскердик унааларга ээ болду. Аскердик техникалар тажик-ооган чек арасындагы коопсуздукту камсыздоого багытталган. Орусиялык басылмалардын билдиришинче, 2017-жылы Орусия Коргоо министрлиги Тажикстанга кайтарымсыз түрдө кургактан жана абадан коргонуучу курал-жарактарды, медициналык жана басмакана жабдууларын берген. Быйыл февралда Тажикстан дагы 9 миллион долларга бааланган абадан коргонуучу каражаттарга ээ…

Прочитайте больше

HRW: АКШнын санкциялары ирандыктардын саламаттыгына коркунуч жаратууда

HRW: АКШнын санкциялары ирандыктардын саламаттыгына коркунуч жаратууда

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму кечээ, 29-октябрда АКШнын Иранга каршы экономикалык санкциялары Иран элинин саламаттыгына коркунуч жаратууда деп билдирди. Бул тууралуу «IRNA» агенттиги жазды. «AFP» агенттиги маалымдагандай, аталган эл аралык укук коргоо уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча жетекчиси Сара Лия Уитсон «Америка бийлигинин аткаминерлери Иран элин колдойбуз деп билдиришет, бирок ошол эле учурда алардын санкциялардагы иш-аракеттери  ирандыктардын саламаттыкка болгон укугуна, анын ичинде алардын зарыл болгон дары-дармек алуу мүмкүндүктөрүнө зыян келтирүүдө», – деп билдирди. Анын айтымында,…

Прочитайте больше

CNN: ИШИМ террордук уюмунун лидери Багдадинин сөөгү сууга ыргытылды

CNN: ИШИМ террордук уюмунун лидери Багдадинин сөөгү сууга ыргытылды

26-октябрда Сирияда өлтүрүлгөн ИШИМ террордук уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин сөөгүнүн калдыктары деңизге ыргытылганын CNN телеканалы кабарлады. Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. АКШ бийлиги 27-октябрда ИШИМдин лидери Багдади өлтүрүлгөндүгүн жарыялаган. 2014-жылдан бери Багдадинин өлүмү боюнча көптөгөн маалыматтар айтылып келген. Буга чейин Орусиянын коргоо министрлиги Багдади 2017-жылы Орусиянын аба күчтөрүнүн Сириянын Ракка шаарына жасаган чабуулунда өлтүрүлгөндүгүн маалымдаган. Бирок 2017-жылдын сентябрында Багдадинин үнү жазылган аудио тарагандан кийин анын өлгөндүгү боюнча күмөн саноолор пайда болгон. АКШнын президенти Дональд Трамп…

Прочитайте больше

Небензя: Израилдин Батыш Жээктеги курулуштары тез арада токтотулушу керек

Небензя: Израилдин Батыш Жээктеги курулуштары тез арада токтотулушу керек

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Израил Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги курулуштарын жана  ал жактагы палестиналыктардын үйлөрүн талкалоону тез арада токтотушу керек деп билдирди. Бул тууралуу “Irib News” агенттиги кабарлады. Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин Жакынкы Чыгыш тууралуу жыйынында сөз сүйлөп, БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча атайын координатору Николай Младенов тарабынан сунушталган Иордан дарыясынын Батыш жээги жана Газа секторундагы кырдаалдын анализи Орусияны тынчсыздандырууда деп билдирди. Младенов бул аймактардагы кырдаалдын андан ары начарлап кетишин алдын алууга гана мүмкүн болуп жатканын…

Прочитайте больше

Аль-Жафари: Басылып алынган Голан бийиктиктерин кайтаруу Сириянын артыкчылыктарынын бири

Аль-Жафари: Басылып алынган Голан бийиктиктерин кайтаруу Сириянын артыкчылыктарынын бири

Сириянын БУУдагы туруктуу өкүлү басылып алынган Голан бийиктиктери Сириянын ажырагыс бөлүгү болуп саналарын жана эл аралык мыйзамдар аркылуу аны кайтаруу Дамасктын артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги кабарлады.Башар аль-Жафари бул тууралуу дүйшөмбү күнү Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча Коопсуздук Кенешинин жыйынында баса белгиледи. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлөрү бул уюмду түзүп жатканда эл аралык укуктун нормаларына ылайык өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнө урмат көрсөтүү болору жана алардын ортосунда теңдик сакталары, ички иштерине кийлигишүүлөр четке кагылары баса белгиленгенин эскерип…

Прочитайте больше

Аль-Багдадинин “өлүмү” кимге пайдалуу?

Аль-Багдадинин “өлүмү” кимге пайдалуу?

Америка “Ишимге каршы абалын” чагылдыруунун аракетинде. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Америка батыштык жана араб шериктештери менен Сириянын мыйзамдуу өкмөтүн кулатуу максаты менен ИШИМ террордук тобун пайда кылууда жана ага колдоо көрсөтүүдө таасирдүү ролду аткаргандары менен белгилүү. Кийин ИШИМдин максаты ишке ашпай, Вашингтондун көзөмөлүнөн чыгып кеткен соң, Америка бул такфирдик топко каршы күрөшүү эл аралык коалициясын колго алган. Америкалык ЖМКалар 27-октябрда Пентагонго шилтеме беришип, америкалык аскерлер Сириянын түндүк-батыш аймагындагы операцияларында ИШИМ террордук тобунун башчысы Абубакр аль-Багдадинин өлтүрүлгөнүн…

Прочитайте больше

Анкарада ИШИМ менен байланышы бар деп шектелип, 20 дай чет өлкөлүк жаран кармалды

Анкарада ИШИМ менен байланышы бар деп шектелип, 20 дай чет өлкөлүк жаран кармалды

Түркиянын коопсуздук күчтөрү Анкарадан ИШИМ террордук уюму менен байланышы бар деп шектелген 20дай чет өлкөлүк жаранды кармады. Бул туурасында түрк маалымат булактары кабарлашканын “Fars News” агенттиги жазды. Түркиянын коопсуздук бир булагы өлкөнүн чалгындоо уюму менен террорчулукка каршы күрөшкөн бөлүктөрдүн биргелешип жүргүзгөн операциясында ИШИМ менен байланышы бар чет өлкөлүк жарандар камакка алынганын кабарлады. “Anadolu” агенттиги маалымдагандай, операция учурунда камакка алынган бул чет өлкөлүк жарандар эми өлкөдөн чыгарылуусу күтүлүүдө. Атын атагысы келбеген коопсуздук булактын айтымына караганда, камалган чет өлкөлүк…

Прочитайте больше

Жалал-Абадда террордук уюмдун мүчөсү деп шек саналган адам кармалды

Жалал-Абадда террордук уюмдун мүчөсү деп шек саналган адам кармалды

Жалал-Абадда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шек саналган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 25 жаштагы шектүү террордук уюмдун лагеринен атайын диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн жана Кыргызстанга ошондой аракеттерди ишке ашырыш үчүн жөнөтүлгөн. 2016-жылдан бери ал Кыргызстанда Жазык кодексинин «Жалданмачылык» беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Кылмышка шектүү Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Расмий маалыматтарда Ирак жана Сирияга кетип калган кыргызстандыктар 800дөн көп экени,…

Прочитайте больше

Трамп “Ислам мамлекети” тобунун лидери Багдади өлтүрүлгөнүн тастыктады

Трамп “Ислам мамлекети” тобунун лидери Багдади өлтүрүлгөнүн тастыктады

АКШнын президенти Дональд Трамп “Ислам мамлекети” террорчул тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдади америкалык аскерлердин операциясынын жыйынтыгында жок кылынганын билдирди. – Багдади оорукчан жана адеп-ахлаксыз киши болгон. Эми ал жок. Багдади ырайымсыз адам болгон, ырайымсыз түрдө өлтүрүлдү. Ал коркоктой болуп качып жүргөн. Эми ал күнөөсүз бир дагы кишини, аялды же баланы кордой албайт. Ал ит, коркок сыяктуу өлдү. Дүйнө коопсузураак болуп калды, – деди Трамп. Трамптын айтымында, америкалык аскерлер аль-Багдадини бир нече жума мурун таап, аңдып…

Прочитайте больше

Израилдин күчтөрү Иерусалимдин чыгышынан 7 палестинди камакка алды

Израилдин күчтөрү Иерусалимдин чыгышынан  7 палестинди камакка алды

Кечээ, 27-октябрда Израилдин полиция күчтөрү эч бир себепсиз Иерусалимдин чыгышындагы Исавия аймагындагы палестиналыктардын үйлөрүнө басып киришип, кеминде 7 жаш палестинди камакка алды. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги “Middle East Eye” агенттигине шилтеме берип жазды. Палестинанын маалымат борборлору кабарлашкандай, Израилдин полициясы Исавия аймагына күн сайын басып кирип, палестиналыктарды камакка алат. “Middle East Eye” агенттиги билдиргендей, Израилдин Исавия аймагындагы Палестина элине каршы жасап жаткан бул долбоорунун максаты – палестиналыктарды куугунтуктап, бул аймактан сүрүп чыгаруу болуп саналат.

Прочитайте больше
1 2 3 8