БУУ: Быйыл Жер Ортолук деңизине миңден ашык мигрант чөгүп кеткен

БУУ: Быйыл Жер Ортолук деңизине миңден ашык мигрант чөгүп кеткен

Бириккен Улуттар Уюму ушул жылдын башынан бери Жер Ортолук деңизине миңден ашык мигрант жана качкындар чөгүп каза болушканын билдирди. Бул тууралуу “IRNA NEWS” агенттиги маалымдады.БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын шейшемби күнү берген маалыматына караганда, алты жылдан бери Европа тарапка өтүп бара жатып Жер Ортолук деңизинен жан бергендердин саны жыл сайын миңден ашып келет. “Европага кетип бара жатып деңизге чөгүп каза болгон мигранттардын жана качкындардын саны азыркы учурда “караңгы жана кейиштүү жагдай” болуп турат”, – деди БУУнун Качкындар…

Прочитайте больше

Сауд Аравия падышасынын жан сакчысынын сырдуу өлүмү: экинчи Хашоггиби?

Сауд Аравия падышасынын жан сакчысынын сырдуу өлүмү: экинчи Хашоггиби?

Сауд Аравия падышасынын 28-сентябрда өлтүрүлгөн жан сакчысы генерал-майор Абдул-Азиз аль-Фагхемдин өлүмү боюнча  ар кандай күмөн саноолор көбөйдү. Бул туурасында “Pars Today” агенттиги жазды. Жан сакчынын өлүмү боюнча сауд бийлигинин жүрүм-туруму Сауд Арвиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө бир аз окшош болууда. Сауд полициясы алгач өлкө падышасынын жан сакчысы генерал-майор Абдул-Азиз аль-Фагхем Жидда шаарында досунун үйүндө чыккан чыр-чатакта өлтүрүлгөнүн маалымдаган. Андан соң Саудиянын падышасы Салман жан сакчысынын үй-бүлөсүн чакыртып, аларга көнүл айтты. Бул ыкма Хашоггини өлтүрүүдө…

Прочитайте больше

Түркиялык дипломат: Анкара мындан ары Башар Асаддын кулатууну көздөбөйт

Түркиялык дипломат: Анкара мындан ары Башар Асаддын кулатууну көздөбөйт

Түркиялык бир дипломат америкалык сайтка берген маегинде Анкара мындан ары Сирия президентин бийликтен кетирүүнү талап кылбай тургандыгын билдирди. “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Түркия ТИМнин аткаминери Monitor сайтына берген маегинде Анкара менен Тегерандын байланыштары боюнча пикирин айтты. “Түркия мындан ары Башар Асаддын бийликтен четтетилүүсүн талап кылбайт. Албетте, Тегеран дагы Түркиянын Сириянын Батыш аймактарында болуусун жактырбасы белгилүү. Тегеран Анкара менен Дамаскка ортомчу катары ролун аткара алабы? Эгер Орусия уруксат берсе, бул иш мүмкүн”,- деди ал. Бул түркиялык…

Прочитайте больше

Орусиядан КМШга алты ай ичинде 6 млрд. долларга жакын акча которулду

Орусиядан КМШга алты ай ичинде 6 млрд. долларга жакын акча которулду

Орусиянын Борбордук банкы быйыл алты ай ичинде Орусиядан КМШ мамлекеттерине 5 миллиард 720 миллион доллар которулганын билдирди. Акча которуу жагынан Борбор Азиянын үч мамлекети алдыда турат жана сап башына Өзбекстан чыккан. Ага ылайык, Орусиядан бул өлкөгө быйылкы жылдын биринчи кварталында 2 миллиард 800 миллион, экинчи кварталда 1,2 миллиард доллар которулган. Экинчи орунда Тажикстан, үчүнчүдө Кыргызстан турат. Тажик мигранттары Орусиядан мекенине 1,1 миллиард, ал эми кыргызстандыктар 930 миллион доллар салган. Ушул жылы жай айында “Western Union”…

Прочитайте больше

Путин Каспий деңизинин укуктук режими жөнүндө Конвенцияга кол койду

Путин  Каспий деңизинин укуктук режими жөнүндө Конвенцияга кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин Каспийдин боюндагы беш мамлекеттин саммитинде кол коюлган деңиздин укуктук режими жөнүндө Конвенцияны тастыктады. Бул тууралуу «IRNA NEWS» агенттиги маалымдады.Аталган документке кол коюлганы тууралуу маалымат кечээ, шейшемби күнү Орусиянын расмий кабарлар порталына жарыяланган жана анда Владимир Путин 20-сентябрда Орусиянын  Мамлекеттик Думасы тарабынан, андан кийин Федерациянын кеңеши тарабынан бекитилген Каспий деңизинин укуктук режими боюнча Конвенцияга кол койгону маалымдалганы жазылган. Каспийдин укуктук режими жөнүндө Конвенция өткөн жылы деңиздин боюндагы беш мамлекеттин башчыларынын Казакстандын Актай портундагы жолугушуусунда…

Прочитайте больше