Тажикстан Сириядан дагы 575 жаранын алып келүүгө даярданууда

Тажикстан Сириядан дагы 575 жаранын алып келүүгө даярданууда

Тажикстандын бийлиги Сириядагы качкындар лагерлеринде кармалып турган тажик аялдар менен балдарды мекенине кайтарууга даярданып жатат. Бул тууралуу 5-октябрда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өткөн жуманын аягында тажик дипломаттары Сириянын жогорку кызмат адамдары менен жолугуп, андагы тажик жарандарынын тек-жайын аныктоо жана мекенине кайтарууга байланышкан маселелерди талкуулашты. Быйыл май айынын башында Сириядагы качкындар лагеринде кармалып турган 34 тажик аял мекенине кайтууга жардам берүү өтүнүчү менен Тажикстан ТИМине кайрылышкан. Алар ар биринде бирден бешке…

Прочитайте больше

Президент С.Жээнбеков Россия Президенти В.Путинди туулган күнү менен куттуктады

Президент С.Жээнбеков Россия Президенти В.Путинди туулган күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. «Сиздин акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билүүчүлүк жогорку даражаңыз жана масштабдуу коюлган милдеттер, Россиянын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп өсүүсүнө багытталгандыгы, россия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына жана жогорку ишенимине татыктуу. Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана конструктивдүү колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы сапаттуу деңгээлге чыкты.  Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын көп кылымдык достук…

Прочитайте больше

Баткенде эки шахтада алты адам газга ууланып каза тапты

Баткенде эки шахтада алты адам газга ууланып каза тапты

Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахталардагы кырсыктардан эки күндө алты адам өлдү. Бул маалыматты «Азаттыктын» Баткендеги кабарчысына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы башкармалыгынын кызматкерлери билдиришти. Кызыл-Кыядагы окуя 6-октябрда түштөн кийин болду. Кырсык үч адамдын өмүрүн алганы кабарланды. Бирок кырсыктын башка жагдайлары азырынча белгисиз. Ал эми Сүлүктү шаарындагы шахтадагы каргаша 5-октябрда болгон. Көмүр казылган жайдан чыккан газга ууланган беш адамдын үчөө мерт болгонун дарыгерлер тастыкташты. Каза болгондор туугандар экени кабарланды. Жабыркаган эки адамдын абалы канааттандырарлык. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма…

Прочитайте больше

Йемен өлкөнү курчоону улантуудагы гуманитардык кесепеттер тууралуу эскертүү жасады

Йемен өлкөнү курчоону улантуудагы гуманитардык кесепеттер тууралуу эскертүү жасады

Йемендин саламаттыкты сактоо министрлиги Таха аль-Мутаваккиль жекшемби күнү кечинде өлкөгө күйүүчү май жана азык-түлүк ташып келе жаткан кемелердин жолун тосуп, кармоолор уланып жаткандыктан миӊдеген бейтаптардын өмүрү коркунучта экенин билдирди. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.Таха аль-Мутаваккиль Американын Сауд режимине көрсөтүп жаткан колдоолоруна токтолуп, “Сыягы, америкалыктар Сауд Аравиясына Йеменге каршы согушту улантууга түрткү берип жатышат”, – деди. Саудия жана өнөктөштөрү мындан беш жыл мурун Йемендин аэропортторун, портторун, аба жана жер өтмөктөрүн жаап, өлкөнү курчоого алып баштаган. Ошонун кесепетинен өлкөдө…

Прочитайте больше

Орусия: Мадурого колдоо көрсөтүүбүздү улантабыз

Орусия: Мадурого колдоо көрсөтүүбүздү улантабыз

Орусиянын премьер-министринин орун басары Венесуэлага сапар тартып, бир катар жетекчилер менен жолугушту. Бул тууралуу Mehr агенттиги Рейтерге шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, Орусиянын премьер-министринин орун басары Юрий Борисов Венесуэлага болгон сапарында өлкөнүн президенти Николас Мадуро менен жолугушуу өткөрдү. Ал бул жолугушууда Москва Каракаста орун алган мыйзамдуу өкмөткө колдоо көрсөтө берээрин билдирген. Эске салсак, Батыш өлкөлөрүнүн Венесуэладагы мыйзамдуу өкмөттү кулатууга болгон аракеттеринен улам айрым өлкөлөр, алардын ичинде Орусия, Кытай, Иран Каракастын мыйзамдуу өкмөтүн колдой бере турганын билдиришкен.

Прочитайте больше

БУУ Ооганстандагы балдардын өлүмү тууралуу үрөй учурган статистиканы жарыялады

БУУ Ооганстандагы балдардын өлүмү тууралуу үрөй учурган статистиканы жарыялады

Бириккен Улуттар Уюмунун жума күнү жарыялаган маалыматына караганда, Ооганстанда төрт жылдан бери уланып келе жаткан зордук-зомбулуктардан каза тапкан жана жаракат алган жаш балдардын саны 12 миңден ашкан. “IRNA NEWS” агенттигинин маалыматына ылайык, БУУ Ооганстандагы кагылышууларда каза болгон балдардын саны 3500гө жакын экенин жана жаракат алгандардын саны 9 миңден ашканын маалымдады. Маалыматка ылайык, Ооганстанда акыркы төрт жылдын ичинде балдарга каршы 14 миң жолудан ашык “олуттуу мыйзам бузуулар” катталган. БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш бул маалымат боюнча билдирүү…

Прочитайте больше