Путин туулган күнүндө өзүнүн айлык маянасын көбөйттү

Путин туулган күнүндө өзүнүн айлык маянасын көбөйттү

Путин кечээ 67 жашка чыкты. Орусиянын президенти Владимир Путин туулган күнүндө өзүнүн айлык маянасын көбөйттү. Путин тарабынан кол коюлган жарлыкка караганда, Орусияда президент жана премьер-министрлик кызматтар үчүн төлөнгөн маяналар 4,3 пайыз жогорулады. Кол коюлган жарлыктын негизинде коргоо, өзгөчө кырдаалдар, ички иштер министрликтери менен бирге Федералдык коопсуздук кызматы сыяктуу айрым жетекчилердин да айлык акылары ушундай эле катышта көбөйдү. Путин өткөн жылы президенттик кызматынан улам 8,6 миллион рубль (орто эсеп менен 132 миң доллар) айлык алган болчу….

Прочитайте больше

Вашингтон Анкарага эки башка саясат жүргүзүүдө

Вашингтон Анкарага эки башка саясат жүргүзүүдө

Америкалык сенатор Түркияга каршы санкциялардын долбоорун даярдоодо. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Түркия Американын макулдугу менен Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан күрт сеапартисттерине каршы күрөшүү иштерин баштаганы менен, америкалык бир сенатор эгерде Түркия Американын шериктештерине кол салса, өлкөгө санкция киргизээрин эскерткен. Белгилей кетсек, Түштүк Каролина штатынын Америка сенатындагы өкүлү “Линдсей Грэм өзүнүн Твиттер расмий баракчасында мындай деп жарыялаган: “Түркияга санкция боюнча эскертип, жада калса НАТОдогу мүчөлүгүнөн куржалак калтыруу менен коркуттум.” Линдсей Грэм 2003-жылдан бери Америка сенатына үзгүлтүксуз катышып келген…

Прочитайте больше

Палестина Израиль күчтөрүнүн Кудстагы ооруканага болгон кол салууларын айыптады

Палестина Израиль күчтөрүнүн Кудстагы ооруканага болгон кол салууларын айыптады

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги сионисттик режимдин күчтөрүнүн Кудс шаарындагы ооруканага күч менен кирүүлөрүн айыптады. Бул тууралуу ISNA агенттигин RT каналына шилтеме берип маалымдады.Палестинанын Саламаттык сактоо министри Мэй аль-Кейла мындай деп билдирген: Израиль күчтөрүнүн Кудс ооруканасына күч менен кирүү фактылары көбөйүүдө. Алар курал-жарактары, тинтүүчү иттери менен ооруканадагы тазалык шарттарын сактабастан, уруксатсыз киришип, бейтаптардын тынчын алышууда. Ал сөзүн мындай деп улантты: Эл аралык деңгээлде Израилдин алдын ала турган эч ким жок, мындан улам алардын палестиналыктарга карата кол салуулары күндөн-күнгө…

Прочитайте больше

Кудста бир айдын ичинде 376 жолу адам укугун бузуу катталган

Кудста бир айдын ичинде 376 жолу адам укугун бузуу катталган

Европа-Жер Ортолук деңизинин Адам укуктары боюнча уюму Израиль өткөн сентябрь айында Кудста 376 жолу палестиндердин укуктарын бузганын билдирди. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Европа-Жер Ортолук деңизинин Адам укуктары боюнча уюму жаңы отчетунда сионисттер 2019-жылдын сентябрь айында дагы Иерусалимде палестиналыктардын жерлерин талкалап, мүлктөрүн тартып алуу кылмыштарын улантышканын билдирди. Аталган уюмдун маалыматы боюнча, ошондой эле бир айдын ичинде Израилдин аскерлери Кудста палестиналыктарга каршы 12 жолу ок чыгарышкан. Анын кесепетинен бир аял каза таап, 29 адам жаракат алышкан. Сионист режиминин…

Прочитайте больше

220 жылдык мааракеси белгилене турган Алымбек Датка ким болгон?

220 жылдык мааракеси белгилене турган Алымбек Датка ким болгон?

Алымбек Датка Асан бий уулу – 1799-жылы Кыргызстандын Алай өрөөнүндө туулуп, 1863-жылы кайтыш болгон. 1822–1840-жылдары Кокон хандыгында бийлик жүргүзгөн Мадалы хандын чакыруусу менен 27 жашында Кокон хандыгында кызмат өтөп, узак жылдар бою хандардын кеӊешчиси, аталык, Анжиян жана Ош аймактарынын беги болуп турган. Тарыхта Алымбек парваначы деп да аталган инсан кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын…

Прочитайте больше

Сауд Аравияда быйыл 160 киши өлүм жазасына тартылган

Сауд Аравияда быйыл 160 киши өлүм жазасына тартылган

Сауд Аравия ушул жылдын алгачкы 9 айында 160 кишини өлүм жазасына тартып, абактагыларды өлүм жазасына тартуудагы өзүнүн мурдагы рекордун басып өттү. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Адам укугу жаатында иш алып барган эл аралык Amnesty International уюмунун баяндамасына караганда, Сауд Аравияда 2018-жылы 149 киши өлүм жазасына тартылган. Акыркы жылдары бул өлкөдө өлүм жазасына тартуулардын саны өсүүдө. 2013-жылы 70 адам өлүм жазасына тартылса, 2019-жылы 160 киши тартылды. Учурда дагы 39 киши өлүм жазасына тартылуу коркунучу алдында турат. …

Прочитайте больше