Вашингтон Анкарага эки башка саясат жүргүзүүдө

Америкалык сенатор Түркияга каршы санкциялардын долбоорун даярдоодо.

Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Түркия Американын макулдугу менен Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан күрт сеапартисттерине каршы күрөшүү иштерин баштаганы менен, америкалык бир сенатор эгерде Түркия Американын шериктештерине кол салса, өлкөгө санкция киргизээрин эскерткен.

Белгилей кетсек, Түштүк Каролина штатынын Америка сенатындагы өкүлү “Линдсей Грэм өзүнүн Твиттер расмий баракчасында мындай деп жарыялаган: “Түркияга санкция боюнча эскертип, жада калса НАТОдогу мүчөлүгүнөн куржалак калтыруу менен коркуттум.”

Линдсей Грэм 2003-жылдан бери Америка сенатына үзгүлтүксуз катышып келген жана учурда сенаттын соттук комитетинин жетекчиси болуу милдетин алган.

“Азыр эле сенатор Крис Ван Хален менен сүйлөштүм. Эгер Түркия Сириядагы бизге ИШИМди жок кылууга көмөктөшкөн күрт күчтөрүнө кол салышса, сенаттагы 2 партиянын өкүлдөрүнүн колдоосу менен өлкөгө санкция киргизем, ошондой эле НАТОго мүчө болуу талаптарын караштыруу процессин артка калтырам”,-деп жазды Линдсей Грэм.

Эске салсак, Түркия армиясы учурда Америка өкмөтүнүн макулдугу менен Түркия менен Сириянын чегаралык аймагында өзүнүн аскердик базасын жайгаштырып, Американын шериктеш күрт сеапаратисттеринин жайларына кол салууга даярданууда.

Комментарий жиберүү