Орусия менен Түркия улуттук валюталарын колдонууну макулдашышты

Орусиянын Каржы министрлиги 8-октябрда Орусия менен Түркия бир катар макулдашууларга кол коюшканын билдирди.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Каржы министрлигинин билдирүүсү боюнча, мындан ары Түркия менен Орусия соода алакаларында рубль жана лира акча бирдиктеринен колдонушмакчы.

Белгилей кетсек, эки өлкө бул макулдашууларга банктар ортосунда финансылык кызматташууларды бекемдөө максатында жана экономикалык борборлор арасында төлөө шарттарын жакшыртуу үчүн кол коюшкан.

Бул макулдашуу эки өлкөнүн эл аралык финансылык каналдарынын ордун толтурмакчы.

Аталган макулдашуулардын негизинде келечекте ИИР дагы ага кошуларына ыктымал берилет.

Эске салсак, Иран буга чейин Түркия жана Орусия менен бекитилген макулдашууларында улуттук валюталарын колдонуу келишимине кол койгон.

Буга кошумча Кытай, Индия жана Венесуэла өлкөлөрү дагы өз соода алакаларында долларды алып салууну караштырышууда.

Комментарий жиберүү