Орусия: Эгер виза маселеси чечилбей турган болсо, БУУнун биринчи комитетинен чыгабыз

Орусиянын тышкы иштер министрлиги өлкөнүн дипломаттары үчүн Америка тараптан виза маселеси чечилбей турган болсо, өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун биринчи комитетинен чыга турганын эскертти.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.
Орусиянын БУУдагы өкүлү Геннадий Казьмин юридикалык маселелерди чечүү милдети БУУнун Башкы Ассамблеясынын алтынчы комитетинин мойнунда болгондуктан, Америка тараптан дипломаттарга виза көйгөйү жаралгандыктан өз иштерин токтотконун маалымдады.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги эгер Америка тараптан  виза маселеси чечилбей турган болсо, Москва БУУнун Башкы Ассамблеясынын биринчи комитетинен чыгышы мүмкүн экенин эскертти.

Геннадий Казьмин БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш уюмдун штаб-квартирасы жайгашкан Америка тарап менен виза маселесин сүйлөшөрүнө үмүт артып жатканын билдирди.

Америка акыркы жолу 24-30-сентябрда Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын жетимиш төртүнчү жыйынына катыша турган бир нече орус дипломаттарына виза берүүдөн баш тарткан.

Буга чейин БУУ уюмдун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катыша турган орус дипломаттарына Американын виза берүүдөн баш тарткан аракетине тынчсызданып жатканын билдирген.

Комментарий жиберүү