Трамп АКШнын ПКК менен иштешкенин моюнга алды

Трамп, мурдагы президент Барак Обама мезгилинде АКШнын Сириядагы күрттөр менен эмес, ПКК менен кызматташтык кылганы тууралуу мазмунду Твиттер барагынан бөлүштү.

АКШнын президенти Дональд Трамп, мурдагы президент Барак Обама мезгилинде АКШнын Сириядагы күрттөр менен эмес, ПКК менен кызматташтык кылганы тууралуу мазмунду Твиттер барагынан бөлүштү.

Трамп, Твиттер барагында Гудсон институтунун Жакынкы Чыгыш боюнча алуу адистеринен Майкл Дорандын АКШнын Сирия чечимин колдогон бөлүшүүлөрүнө орун берген.

Президент Трамп, Дорандын айтканы «Обама мезгилинде күрттөр менен эмес, шериктешибиз Түркия Республикасынын жан душманы болгон ПКК менен иштештик. Бул саясат менен Түркия-ПКК согушунун үрөнүн себип, бир эле убакта Түркияны Орусиянын колуна түртүп жатканбыз»,деген бөлүшүүсүн ретвиит кылды.

Трамп, Дорандын 2018-жылы январда Вашингтондо катышкан бир диспутта Анадолу агенттигинин тарткан видеосун колдонуп, «Сириянын түндүгүндө көргөндөрүңүзгө таң калып жатасызбы? Мен таң калган жерим жок. 2018-жылы январда Обаманын бизди Түркияга карата койгон дилеммасын түшүндүргөм» деген бөлүшүүсүнө барагында орун берди.

Сөз болгон бөлүшүүлөр кыска мөөнөттүн ичинде миңдеген жактыруу жана ретвиит алды.

Комментарий жиберүү