Лавров Түркиянын операциясына сереп салды

Лавров Түркиянын операциясына сереп салды

Лавров: «Түркиянын чек ара коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданууларын түшүнүп турабыз» Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Түркиянын чек ара коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданууларын түшүнүп тургандарын айтты. Түркиянын Сириянын түндүгүнө карай баштаган «Тынчтык булагы» операциясына сереп салган Лавров, Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук тынчсызданууларына көңүл бурду жана «Чек ара коопсуздугуна байланыштуу тынчсызданууларын түшүнүп турабыз»,-деди. Лавров операциянын АКШнын бул аймакта таштаган кадамдарынын жыйынтыгы экенин белгиледи. Түркия менен Орусиянын ортосундагы аскердик байланыш каналдарынын ачык экенин баса белгилеген Лавров: «Биз байланышта болуп жатабыз»,-деди. Орусиянын…

Прочитайте больше

Йемендин ооруканаларында абал өтө начар

Йемендин ооруканаларында абал өтө начар

Йемендин борбор калаасы Санада күйүүчү майдын жетишсиздиги жана электр кубатынын мезгил-мезгили менен өчүрүлүшү шаардын ооруканаларында кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратып жатат. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, шаршемби күнү Сана шаарынын оорукана кызматкерлери Йеменди ырайымсыз курчоо улана бере турган болсо, өлкө гуманитардык кырсыкка туш болорун эскертишти. “Эгер шаарда күйүүчү майдын жетишсиздиги жана электр тогунун үзгүлтүккө учурашы улана берсе, Санадагы ооруканалардын баары жабылат”, – деп билдиришти оорукана кызматкерлери. Буга чейин, жекшемби күнү Йемендин саламаттыкты сактоо министри Таха аль-Мутаваккиль өлкөгө күйүүчү…

Прочитайте больше

Күрт кошуундарынын басма сөз катчысы: Түркиянын чабуулдарына жооп берүүгө кудуреттүүбүз

Күрт кошуундарынын басма сөз катчысы: Түркиянын чабуулдарына жооп берүүгө кудуреттүүбүз

“Сириянын демократиялык күчтөрүнүн” басма сөз катчысы Кино Габриэль Түрк армиясы Сириянын түндүгүндө баштаган бул операциясы менен өз максаттарынын бирине да жетпейт деп билдирди. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Габриэль Сириянын Түркия менен чегарасына жакын жайгашкан Рас-эл-Айн жана Эт-Телль-эль-Абьяд шаарлары чабуулдарга дуушар болгонун билдирди. Ал “Sky News Arabia” телеканалына берген маегинде, түрк армиясы бул аймактарды авиация жана артиллерия менен максатсыз бомбалаганын айтты. Ошондой эле ал күрт күчтөрү Түркиянын бул чабуулдарына жооп берүүгө кудуреттүү деп билдирди. Ошол эле…

Прочитайте больше

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде 20 мектеп куруу пландалып жатат

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде 20 мектеп куруу пландалып жатат

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков IFC эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү Петью Николов, Салтанат Алымкулова жана Нассер Масоудду кабыл алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизде “Мектептерди куруу жана реконструкциялоо” долбоорунун алкагында жүрүп жаткан жумуштарды талкуулашты. Долбоордун негизинде Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп куруу пландалган. Азыркы учурда эки шаардын бийлиги билим берүү мекемесин куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. Жакынкы…

Прочитайте больше

Коопсуздук Кеңеши Сирия боюнча жыйын өткөрөт

Коопсуздук Кеңеши Сирия боюнча жыйын өткөрөт

Батыштын дипломаттары бүгүн, бейшемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирия боюнча жабык эшик артында жыйын өткөрөрүн билдиришти. Бул тууралуу “IRNA NEWS” агенттиги кабарлады.Reuters агенттиги Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасынын маалыматына таянып, Европанын беш өлкөсүнүн (Улуу Британия, Франция, Германия, Бельгия жана Польша) өтүнүчү менен БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириядагы кырдаал боюнча маселелерди карап чыгуу үчүн жыйын өткөрүшөрүн маалымдады. БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын түндүк-чыгышындагы Түркиянын аскердик операциялары тууралуу билдирүү жасап, Анкараны сабырдуулукка чакыруу менен Сирия маселеси аскердик жол менен чечилбей турганын баса белгиледи….

Прочитайте больше