Йемендин ооруканаларында абал өтө начар

Йемендин борбор калаасы Санада күйүүчү майдын жетишсиздиги жана электр кубатынын мезгил-мезгили менен өчүрүлүшү шаардын ооруканаларында кызмат көрсөтүүлөрдү үзгүлтүккө учуратып жатат.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, шаршемби күнү Сана шаарынын оорукана кызматкерлери Йеменди ырайымсыз курчоо улана бере турган болсо, өлкө гуманитардык кырсыкка туш болорун эскертишти.

“Эгер шаарда күйүүчү майдын жетишсиздиги жана электр тогунун үзгүлтүккө учурашы улана берсе, Санадагы ооруканалардын баары жабылат”, – деп билдиришти оорукана кызматкерлери.

Буга чейин, жекшемби күнү Йемендин саламаттыкты сактоо министри Таха аль-Мутаваккиль өлкөгө күйүүчү май жана тамак-аш ташып келе жаткан кемелердин кармалышы уланып жаткандыктан миӊдеген бейтаптардын өмүрү коркунучта турганын билдирген эле.

Эскерте кетсек, Сауд Аравия согуш майданында Йемен элинен утулуп калгандан кийин, өлкөнү курчоого алып, чектөөлөрдү коюу менен өз максаттарына жетүүгө аракет кылууда.

Маалымат булактары өткөн айдын ичинде Йемендин Аль-Хадиде портуна бир дагы күйүүчү май ташыган кеме кирбегенин маалымдашкан эле.

Йеменде күйүүчү майдын жетишсиздиги өлкөдө тамак-аш жетирүүлөрдө жана медициналык жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктарды жаратууда.

Сауд Аравиянын Йеменге аскердик зордук-зомбулук көрсөтүүсү азык-түлүк жана дары-дармектин катуу жетишсиздигине дуушар кылууда.

Комментарий жиберүү