Коопсуздук Кеңеши Сирия боюнча жыйын өткөрөт

Батыштын дипломаттары бүгүн, бейшемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирия боюнча жабык эшик артында жыйын өткөрөрүн билдиришти.

Бул тууралуу “IRNA NEWS” агенттиги кабарлады.
Reuters агенттиги Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасынын маалыматына таянып, Европанын беш өлкөсүнүн (Улуу Британия, Франция, Германия, Бельгия жана Польша) өтүнүчү менен БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириядагы кырдаал боюнча маселелерди карап чыгуу үчүн жыйын өткөрүшөрүн маалымдады.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сириянын түндүк-чыгышындагы Түркиянын аскердик операциялары тууралуу билдирүү жасап, Анкараны сабырдуулукка чакыруу менен Сирия маселеси аскердик жол менен чечилбей турганын баса белгиледи.

Түркия шаршемби күнү Сириянын түндүк-чыгышында аскердик операция баштаганын жарыялаган. Түркиянын президенти Анкара ПККга жана ЙПГга каршы жаңы чабуулу “тынчтык булагы” деп аталарын билдирген.

Бул кол салууну эл аралык коомчулук айыптап чыкты. Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер бул кол салууларды тез арада токтотууга чакырды. Ошондой эле, эгер Анкара Сириянын түндүгүндө күрттөргө чабуулун токтотпосо, ЕБ Түркияга каржылык жардамын токтоторун билдирип коркутту.

Мындан тышкары, Араб лигасы дагы Түркиянын бул аракеттерин катуу айыптап, Анкараны тез арада кол салууларды токтотууга чакырды.

Ошол эле учурда, Орусия дагы бул кол салуулар Сириянын эгедерлигин одоно бузуу деп билдирди.

Франция менен Германиянын тышкы иштер министрликтери өз-өзүнчө билдирүү жарыялап, Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү аскердик аракеттерин катуу айыпташты жана аны токтотууга чакырып өтүштү.

Комментарий жиберүү