Күрт кошуундарынын басма сөз катчысы: Түркиянын чабуулдарына жооп берүүгө кудуреттүүбүз

“Сириянын демократиялык күчтөрүнүн” басма сөз катчысы Кино Габриэль Түрк армиясы Сириянын түндүгүндө баштаган бул операциясы менен өз максаттарынын бирине да жетпейт деп билдирди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Габриэль Сириянын Түркия менен чегарасына жакын жайгашкан Рас-эл-Айн жана Эт-Телль-эль-Абьяд шаарлары чабуулдарга дуушар болгонун билдирди. Ал “Sky News Arabia” телеканалына берген маегинде, түрк армиясы бул аймактарды авиация жана артиллерия менен максатсыз бомбалаганын айтты.

Ошондой эле ал күрт күчтөрү Түркиянын бул чабуулдарына жооп берүүгө кудуреттүү деп билдирди. Ошол эле учурда “Сириянын демократиялык күчтөрүнүн” Твиттердеги расмий баракчасында бул күчтөр Америка менен Түркиянын ортосунда кол коюлган “коопсуздук механизми” макулдашуусун сыйларын, бирок бул маселе Сириядагы күрт элинин коргоосуз калуусуна себепчи болгонун жазды.

Кечээ, 9-октябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзүнүн Твиттердеги баракчасына Түркиянын куралдуу күчтөрү “Сириянын эркин армиясы” менен бирге Сириянын түндүгүндөгү “Тынчтык булагы” операциясын баштаганын жазган. Эрдоган бул операциянын максаттарынын бири чыгыш Евфрат аймагында жана Сириянын түндүк аймагында тынчтыкты калыбына келтирүү деп билдирди.

Комментарий жиберүү