Түркиянын Сириянын түндүгүнө койгон чабуулунан каза таап жана жаракат алгандардын саны 56га жетти

Түркиянын Сириянын түндүгүнө койгон чабуулунан каза таап жана жаракат алгандардын саны 56га жетти

Сириянын адам укуктары боюнча тобу шаршемби күнү Түркиянын Сириянын түндүгүндө баштаган чабуулунан азыркыга чейин 15 адам каза болду жана 41 адам жаракат алышты. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги кабарлады.Сириянын адам укуктары боюнча тобунун берген маалыматына ылайык, курман болгондордун арасында 8 карапайым жаран болгон. Алардын төртөө аялдар жана жаш балдар болушкан. Ошондой эле дагы 13 карапайым жаран жана 28 күрт аскери Түркия армиясынын абадан жана артиллериялык кол салууларынан жаракат алышкан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган шаршемби күнү Сириянын түндүк-чыгышындагы…

Прочитайте больше

БУУ Түркиянын Сирияга каршы кол салуусун айыптай алган жок

БУУ Түркиянын Сирияга каршы кол салуусун айыптай алган жок

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түркиянын Сириядагы күрт кошуундарына чабуулу боюнча өткөргөн кезексиз жыйыны тыянаксыз болду. Бул тууралуу Mehr агенттиги аль-Жазира маалымат каналына шилтеме берип билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңеши Түркиянын Сириянын Түштүк-Чыгыш аймагына болгон кол салуулары боюнча жабык түрдө кезексиз жыйын өткөргөн. Белгилей кетсек, бул жыйынга Англия, Польша, Германия, Франция жана Бельгиянын өкүлдөрү БУУнун башкы катчысынын сөздөрүнүн негизинде Сириядагы акыркы окуяларга карата тынчсызданаарын билдиришкен. Бул билдирүүдө Сириянын түндүгүндөгү аскердик кол салуулар касташуунун жаңы башаты, бардык региондордогу стабилдүүлүктүн бузулушуна жана…

Прочитайте больше

Норвегия Түркияга курал экспорттоону токтотту

Норвегия Түркияга курал экспорттоону токтотту

Норвегия бийлиги Түркиянын Сириянын түндүгүндө баштаган аскердик операциясына жооп катары бул өлкөгө курул экспорттоону токтоторун жарыялады. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Буга чейин Финляндия дагы ушул эле себептерден улам Түркияга курал-жарак экспортун токтоткондугун жарыялаган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 9-октябрда өлкөсүнүн куралдуу күчтөрү “Сириянын эркин армиясы” менен бирге Сириянын түндүгүндөгү “Тынчтык булагы” операциясын баштаганын билдирген. Түрк армиясы согуштук учактар жана артиллерия менен Сириянын түндүгүндөгү ар кайсы аймактарды бир нече ирет бомбалады. Анкара Сириянын түндүгүндө аскердик операциянын…

Прочитайте больше

Кыргызстан-Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Кыргызстан-Мьянма: кыргыз футболчулары 7-0 эсебинде утту

Кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизди. Биринчи эки голду оюндун онунчу мүнөтүнө чейин эле Эдгард Бернхардт киргизсе, үчүнчү топту атаандаштарынын дарбазасына Алимардон Шүкүров тепти. Ал эми төртүнчү топту Гүлжигит Алыкулов, бешинчи топту Валерий Кичин киргизди. Алтынчы топту кайрадан Алимардон Шүкүров, жетинчисин Эдгард Бернхардт тепти. 10-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Мьянманын курама командасы менен беттешти. Оюн 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, саат…

Прочитайте больше

Кызыл деңизде Ирандын танкеринде жарылуу болду

Кызыл деңизде Ирандын танкеринде жарылуу болду

Бүгүн, 11-октябрь эртең менен Кызыл деңизде Ирандын танкерлер боюнча улуттук компаниясына  таандык болгон «Sanitized» мунай ташыган танкеринде жарылуу болду. Бул туурасында  «Nournews» агенттиги маалымдар булактарга шилтеме берип кабарлаганын «Fars News» агенттиги жазды. Маалыматка караганда, окуя Сауд Аравиянын Жидда портунан 60 чакырымдай алыс жерде болду. Билдирүүдө танкер олуттуу зыянга учурап, андагы мунай Кызыл деңизге төгүлүп жатканы айтылат. Учурда техникалык адистер жарылуунун себептерин иликтеп жатышат. Бул окуя террордук акт болушу мүмкүн экени дагы айтылууда.

Прочитайте больше

Саид Хасан Насрулла: Америкага ишенип, таянуунун акыбети пастык жана кордук болот

Саид Хасан Насрулла: Америкага ишенип, таянуунун акыбети пастык жана кордук болот

Ливандын Хезболла кыймылынын башкы катчысы Сириядагы күрттөрдүн Америкага болгон ишенчи акталбай калганын эскертти. Fars агенттигинин маалыматына ылайык,  саид Хасан Насрулла Бейрутта өткөн аза күтүү жөрөлгөсүндө сөз сүйлөдү. “Америкага ишенген Сириядагы күрттөрдү карагылачы! Америка эми алардан баш тартып отурат, АКШга ишенгендердин акыбети ушундай болмокчу”,-деди Хезболланын башкы катчысы. Ал тажыйрбалар Америкага ишенип, таянуу болбосун көрсөтүп турганын жана Вашингтон эч бир шериктешин сыйлабасын баса белгиледи. “Улуу урматтуу Руханий жол башчыбыз Аятолла Хаменеи: “Америка менен сүйлөшүү жүргүзбөйбүз, анткени ага…

Прочитайте больше