БУУ Түркиянын Сирияга каршы кол салуусун айыптай алган жок

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түркиянын Сириядагы күрт кошуундарына чабуулу боюнча өткөргөн кезексиз жыйыны тыянаксыз болду.

Бул тууралуу Mehr агенттиги аль-Жазира маалымат каналына шилтеме берип билдирди. БУУнун Коопсуздук кеңеши Түркиянын Сириянын Түштүк-Чыгыш аймагына болгон кол салуулары боюнча жабык түрдө кезексиз жыйын өткөргөн.

Белгилей кетсек, бул жыйынга Англия, Польша, Германия, Франция жана Бельгиянын өкүлдөрү БУУнун башкы катчысынын сөздөрүнүн негизинде Сириядагы акыркы окуяларга карата тынчсызданаарын билдиришкен.

Бул билдирүүдө Сириянын түндүгүндөгү аскердик кол салуулар касташуунун жаңы башаты, бардык региондордогу стабилдүүлүктүн бузулушуна жана аскердик эмес тургундардын качкынга айлануу жаңы коркунучтарын туудураары белгиленген.

Буга карабастан, берилген маалыматтарга караштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши Европа өлкөлөрүнүн биргелешкен билдирүүлөрүн тастыктап, Түркиянын Сирияга болгон аскердик чабуулун айыптаган токтом беките алган эмес.

Эске салсак, Түркиянын президенти 9-октябрда Сириянын түндүгүнө расмий түрдө аскердик операцияларын баштаганын жарыялаган.

Комментарий жиберүү