Кызыл деңизде Ирандын танкеринде жарылуу болду

Бүгүн, 11-октябрь эртең менен Кызыл деңизде Ирандын танкерлер боюнча улуттук компаниясына  таандык болгон «Sanitized» мунай ташыган танкеринде жарылуу болду.

Бул туурасында  «Nournews» агенттиги маалымдар булактарга шилтеме берип кабарлаганын «Fars News» агенттиги жазды. Маалыматка караганда, окуя Сауд Аравиянын Жидда портунан 60 чакырымдай алыс жерде болду.

Билдирүүдө танкер олуттуу зыянга учурап, андагы мунай Кызыл деңизге төгүлүп жатканы айтылат. Учурда техникалык адистер жарылуунун себептерин иликтеп жатышат. Бул окуя террордук акт болушу мүмкүн экени дагы айтылууда.

Комментарий жиберүү