Норвегия Түркияга курал экспорттоону токтотту

Норвегия бийлиги Түркиянын Сириянын түндүгүндө баштаган аскердик операциясына жооп катары бул өлкөгө курул экспорттоону токтоторун жарыялады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Буга чейин Финляндия дагы ушул эле себептерден улам Түркияга курал-жарак экспортун токтоткондугун жарыялаган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 9-октябрда өлкөсүнүн куралдуу күчтөрү “Сириянын эркин армиясы” менен бирге Сириянын түндүгүндөгү “Тынчтык булагы” операциясын баштаганын билдирген.

Түрк армиясы согуштук учактар жана артиллерия менен Сириянын түндүгүндөгү ар кайсы аймактарды бир нече ирет бомбалады. Анкара Сириянын түндүгүндө аскердик операциянын максаты – Сирия-Түркия чегарасындагы күрт кошуундарын сүрүп чыгаруу жана ИШИМ террордук уюмуна каршы күрөшүү экенин билдирди.

Түрк бийлиги Сириянын түндүк аймагында сириялык качкындарды жайгаштыруу үчүн коопсуздук зонасын түзүүнү пландаштырууда. Түркиянын Сириядагы бул аскердик операциясын Европанын көптөгөн өлкөлөрү айыпташып, бул аракет аймакта жаңы гуманитардык кризисти түзүшү мүмкүн экенин эскертишти. Түрк армиясынын Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясы АКШнын президенти Дональд Трамп Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Анкаранын операциясына аралашпай турганын жана америкалык күчтөр күрт кошуундары көзөмөлдөгөн аймактардан чыгарыларын билдиргенден кийин башталды.

Көптөгөн сынчылар жана Америкадагы Трамптын бир катар партиялаштары Трампты күрттөргө чыккынчылык кылды деп айыпташты. Алардын айтымында, акыркы жылдарда Сириянын түндүк аймагындагы ИШИМге каршы кагылышта күрт кошуундары Американын кургактагы күчтөрүнүн ролун ойногон.

Вашингтон өз аскерлерин тобокелге салгысы келбеген убактарда күрт кошуундарын биринчи сапка койгон. Күрт кошуундары АКШ бул аракети менен “аркадан канжар сайганын”  айтып, Түрия менен күрөшөрүн билдиришти.

Комментарий жиберүү