Саид Хасан Насрулла: Америкага ишенип, таянуунун акыбети пастык жана кордук болот

Ливандын Хезболла кыймылынын башкы катчысы Сириядагы күрттөрдүн Америкага болгон ишенчи акталбай калганын эскертти. Fars агенттигинин маалыматына ылайык,  саид Хасан Насрулла Бейрутта өткөн аза күтүү жөрөлгөсүндө сөз сүйлөдү.

“Америкага ишенген Сириядагы күрттөрдү карагылачы! Америка эми алардан баш тартып отурат, АКШга ишенгендердин акыбети ушундай болмокчу”,-деди Хезболланын башкы катчысы. Ал тажыйрбалар Америкага ишенип, таянуу болбосун көрсөтүп турганын жана Вашингтон эч бир шериктешин сыйлабасын баса белгиледи.

“Улуу урматтуу Руханий жол башчыбыз Аятолла Хаменеи: “Америка менен сүйлөшүү жүргүзбөйбүз, анткени ага ишенип болбойт”-деген. Албетте тарыхта душман болуп, кыянат кылганга кантип ишенесиң, эми Фураттын чыгыш аймагындагы күрттөрдү карагылачы? Америка аларга кандай мамиле кылды?”-деди саид Хасан Насрулла.

Комментарий жиберүү