Түркиянын Сириянын түндүгүнө койгон чабуулунан каза таап жана жаракат алгандардын саны 56га жетти

Сириянын адам укуктары боюнча тобу шаршемби күнү Түркиянын Сириянын түндүгүндө баштаган чабуулунан азыркыга чейин 15 адам каза болду жана 41 адам жаракат алышты.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги кабарлады.
Сириянын адам укуктары боюнча тобунун берген маалыматына ылайык, курман болгондордун арасында 8 карапайым жаран болгон. Алардын төртөө аялдар жана жаш балдар болушкан.

Ошондой эле дагы 13 карапайым жаран жана 28 күрт аскери Түркия армиясынын абадан жана артиллериялык кол салууларынан жаракат алышкан.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган шаршемби күнү Сириянын түндүк-чыгышындагы күрт күчтөрүнө каршы “Тынчтыктын булагы” деп аталган операциясын баштаганын билдирген.

Түркиянын коргоо министри дагы билдирүү жасап, Сириянын түндүгүндө 181 жерге кол салышканын билдирди. Түркиянын бул иш-аракеттери абдан катуу эл аралык сынга алынды.

Сириянын расмий өкүлдөрү Дамаск аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин коргой турганын билдиришти.

Сириядагы күрт күчтөрү Түркия күчтөрүнө каршы турууга даяр экендиктерин билдиришти.

Комментарий жиберүү