БУУ:Түркиянын Сириядагы операциясынан улам 100 миңдеген адамдар жер которду

Бириккен Улуттар Уюму кечээ, 11-октябрда Түрк армиясынын Сириянын түндүк-чыгышында баштаган аскердик операциясынан кийин бул аймактардагы 100 миңге жакын адам жер которуп кеткенин маалымдады.

Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. БУУнун билдирүүсүнө караганда, учурда лагерлерде жана мектеп имараттарында жайланышып жаткан адамдардын саны өсүүдө. Буга чейин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Түрк армиясынын Сириянын түндүгүндө баштаган аскердик операциясынан улам Рас-эль-Айн жана Эт-Телль-эль-Абьяд шаарларынын 70 миңдей тургуну жер которуп кеткенин маалымдаган.

Чегарасыз дарыгерлер уюму дагы Эт-Телль-эль-Абьяд шаарындагы жалгыз оорукана андагы кызматкерлердин жер которуп кетишинен улам кечээ, жума күнү жабылып калгандыгын билдирди.

Ак үй ушул аптада АКШ президенти Дональд Трамп менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын  телефондогу сүйлөшүүсүнөн кийин Сирия менен Түркиянын чегарасына жакын аймактардагы америкалык күчтөр чыгарыларын жарыялаган.

Эрдоган 9-октябрда өзүнүн Твиттердеги баракчасына Түркиянын куралдуу күчтөрү “Сириянын эркин армиясы” менен бирге Сириянын түндүгүндө “Тынчтык булагы” операциясын баштаганын жазган.

Анкара Сириянын түндүгүндө аскердик операциянын максаты – Сирия-Түркия чегарасындагы күрт кошуундарын сүрүп чыгаруу жана ИШИМ террордук уюмуна каршы күрөшүү экенин билдирди. Түрк бийлиги Сириянын түндүк аймагында сириялык качкындарды жайгаштыруу үчүн коопсуздук зонасын түзүүнү пландаштырууда.

Комментарий жиберүү