Владимир Путин Түркия армиясынын Сирияга жасаган аскердик чабуулун сынга алды

Орусиянын президенти Түркиянын Сириянын түндүк-чыгыш аймагына кол салуусу боюнча билдирүү жасады.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Владимир Путин Түркиянын Чыгыш Эфратка жасаган аскердик чабуулу аймактагы ИШИМ террордук мүчөлөрүнүн качууларына себеп болоорун эскертти.

Белгилей кетсек, Орусия президенти Түркия армиясы Сириянын чыгыш аймактарын тез арада көзмөлгө алууга жетишээрине ишенбесин кошумчалаган.

Эске салсак, Түркия өз армиясын “Террорчулукка каршы күрөшүү” жана “Сирия менен Түркиянын чегарасын тазалоо” деген шылтоолор менен 9-октябрда Сириянын түштүк-чыгыш аймагына кол салууга жиберген.

Сирия өкмөтү бул операцияга каршылыгын билдирип, өз жеринин бүтүндүгүн коргоорун кабарлаган. Түркиянын Сириядагы аскердик операцияларын бир катар эл аралык коомдор айыптап чыгышты.

Комментарий жиберүү