Сауд Аравиясы мунайдан алчу 2 млрд. доллар кирешесин жоготту

Сауд Аравиясы өткөн айдагы энергетикалык объектилерине болгон кол салуудан кийин, мунайдан алып турчу 2 млрд. доллардан ашык кирешесин жоготту.

Бул тууралуу «Tasnim News» агенттиги кабарлады.
Өткөн айда Саудиянын мунай объектилерине болгон кол салуу өлкөнүн тарыхындагы ири кол салуу болду.

Серепчилердин жана эксперттердин ОПЕКке берген маалыматтарына караганда, Сауд Аравиясынын мунай өндүрүшү сентябрь айында андан мурунку айга караганда күнүнө 1,3 млн. баррелге азайган.

Бирок, Сауд Аравиясы мунай өндүрүшүн күнүнө 660 миң баррелге гана азайды деп жарыялады.

Саудия мунай өндүрүшүн чабуулга чейинки убактагыдай калыбына келтирүүгө жөндөмдүү экенин баса белгилөөдө.

Саудия Аравиясы дүйнөдөгү ири мунай экспорттоочу болуп саналат жана ондогон жылдар бою дүйнөдөгү ири кардарлар үчүн ишенимдүү жеткирүүчү болууга абдан аракет кылып келди. Бирок азыркы учурда өлкөнүн кадыр-баркы коркунучта турат.

Сауд бийлиги мунай корун пайдалануу менен экспортун уланта беришерин айтышууда. Бирок, энергетика серепчилери жана эксперттери өлкөнүн мунай өндүрүшүнүн жана экспортунун калыбына келүү мүмкүндүгүн жокко чыгарышууда жана  Сауд бийлиги бул кол салуунун кайталанышын кантип алдын алышарын билбейбиз дешти.

Комментарий жиберүү