Эфиопиянын премьер-министри Нобель сыйлыгына ээ болду

Эфиопиянын премьер-минстри 2019-жылдын Нобель сыйлыгына татыды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги Спутникке шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, Нобель сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Аби Ахмад Алиге Эритреядагы чегаралык  талаш-тартышты тынчтык жолу менен чечүүдө эл аралык кызматташтыгы үчүн ыйгарылган.

Эске салсак, Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи ар жылы Норвегиянын борбор калаасы  Ослодо өткөрүлөт.

Аби Ахмад премьер-министрлик кызматына Эритреяда тынчтык орнотом деген урааны менен жеткен жана ал шайлоолордогу жеңишинен соң, Эритреяга барып, ал жердеги келишпестик маселелерди чече алган.

Эфиопия менен Эритреянын ортосундагы тынчтык маселси Африка континентиндеги байыртадан келе жаткан талаш-тартыш маселелеринен болгон. Бул талаш-тартыштардын кесепетинен буга чейин 70 миңден ашуун адамдар набыт кетишкен.

Комментарий жиберүү