Өзбекстанда Борбор Азиядагы эң чоң кино борбор ачылат

“Өзбек фильм” улуттук агенттиги Борбор Азиядагы кино тартылуучу ири борбор ачыларын билдирди. 

Бул тууралуу “Fars News” агенттигинин Ташкенттеги филиалы кабарлады.
Белгилей кетсек, “Өзбек фильм” менен Даниянын Danmon grouр кино компаниясы тасма тартуучу техникалык жабдыктарды жана системаларды жаңылоо боюнча келишим түзүштү.

Эки тарап ошондой эле тасма тартучу жабдыктарды экспорттоо, даректүү тасма жана мультфильмдерди тартуу боюнча кызматташууга кол коюшкан.
 

Берилген маалыматтарга караштуу, бул долбоор 2020- 2021-жылдары жүзөгө ашырылмакчы.

Буга кошумча Ташкентте Борбор Азиядагы эң ири кино тартылуучу борбор түзүлүүсү караштырылууда.

Ал эми “Өзбекфильм” кино компаниясы 2020-жылы “Султан” деп аталган сериалды тартууну пландаштырууда. Бул сериал англис тилинде тартылып, анда Голливуддун оюнчусу рол аткарат жана бул сериалдын башталышына 20 млн. доллар бюджет каралган.

Комментарий жиберүү